Ош шаарында жаңы скверлер курулуп, жашыл аймактар кеңейүүдө

Аймак Загрузка... 20 Апрель 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Ош шаарында жаңы скверлер курулуп, жашыл аймактар кеңейүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу И.Раззаков көчөсүндө жаңы сквердин курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында аймакта заманбап эс алуу шарттары түзүлүп, жашыл аймактар кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура каралууда.

Аталган сквер "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, шаар мэринин демилгеси менен Ош шаарынын аймагында жалпысынан 10 жаңы сквер жана эс алуу жайларын куруу пландалып, алардын айрымдарында курулуш иштери кызуу жүрүүдө.