Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Ош шаарында Б.Осмонов көчөсүнүн Барсбек айлампасынан тарта Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыгы реконструкцияланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 10,6 чакырымды түзгөн көчө эки этап менен реконструкцияланууда. Биринчи этапта Касымбеков көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки 5 чакырым бөлүк оңдолуп, май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Калган бөлүгү жыл соңуна чейин толук жаңыланат.
Долбоордун алкагында Айтиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулуп, Кочконов көчөсү аркылуу жаңы базарга альтернативдүү кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Ошондой эле кошумча жолдор жана көпүрөлөр аркылуу борбордук базарга жетүү жеңилдейт.