Ошто жаңы кондитердик цех ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү

Аймак Загрузка... 20 Апрель 2026 10:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Ош шаарында "Мадина" аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сом колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү.

Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт.

Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы шаарда ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды.