Оштогу Алымбек датка көчөсүндөгү сквер жаңыланууда – видео

Аймак Загрузка... 24 Апрель 2026 15:00

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Түштүк борбордо Алымбек датка көчөсүндөгү скверди көрктөндүрүү иштерин аяктоого аз калды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда эс алуу аймагынын биринчи бөлүгүнүн курулушу толугу менен аяктап, жумуш экинчи бөлүгүндө аткарылууда.

Белгиленгендей, жумушчулар шаар тургундарына ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү жана борбордун жашыл аймагын кеңейтүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Жаңыланган сквер жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.