Панфилов райондук сотуна жаңы имарат курула баштады

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышып, имараттын пайдубалына келечек кутучасын салды.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан берилген.

Имарат сот отурумдарынын ачыктыгын камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.