БШКнын курамы кыскартылат. Парламент III окууда колдоду

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 13:05
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаттары "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жана "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун III окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорлорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдер демилгелеген.

Алар белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.