Өрт коопсуздугу: Сары-Өзөн базарында машыгуу өткөрүлдү

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкектин Биринчи май райондук администрациясы

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Сары-Өзөн базарында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ишкерлер жана кардарлар үчүн эвакуациялык машыгуулар көрсөтүлдү.

Ошондой эле базардын ичиндеги өтмөктөрдөн өрт өчүрүүчү унаалардын өтө ала тургандыгы текшерилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май району боюнча башкармалыгынын адистери тактикалык өрт коопсуздугу боюнча соодагерлер арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү.

Мындан тышкары, базардын администрациясы мүмкүн болгон өрттөргө тез арада жооп кайтаруу жана авариялык жабдуулар келгенге чейин базардагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу өрт өчүрүү бригадасын түзүү зарылдыгы белгиленди.