Сак болуңуз! Тоолуу райондордо кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу жогору

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 10:30
ZwgYW7EY.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-апрелден 19-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү тууралуу эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелер өзгөчө кооптуу:

  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл.

Ошондой эле 17-апрелде туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.