Сакалды айылындагы оорукана жакында пайдаланууга берилет

Аймак Загрузка... 14 Апрель 2026 15:40

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Ноокен районундагы Сакалды айылында 79 млн сомго жаңы заманбап оорукана салынды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда эмеректер орнотулуп, айланасын көрктөндүрүү иштер аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик казынадан ишке ашылырып, аянты 1172 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имарат курулду.

Ооруканада терапия, педиатрия, төрөт үйү болуп, медициналык жабдуулар менен камсыздалат.

Эски оорукана 1963-жылдары курулуп, миңдеген бейтаптарга кызмат кылып келет.