Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Жаздын келиши, күндүн жылышы жана жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу аймактарда сел жүрүү тобокелдиги жогорулайт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык учурунда сактана турган чаралар менен бөлүштү.
Катуу жааган жамгыр, тоодон түшкөн сел бир нече мүнөттө эле чоң кырсыкка айланышы мүмкүн. Суу ташкыны адам өмүрүнө коркунуч жаратып, үйлөрдүн жана жолдордун бузулуусун алып келет. Мындай учурда эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөй, туура аракет кылуу маанилүү.
Сел коркунучу жаралган учурда эске алчу маанилүү сунуштар:
- Маанилүү документтерди жана буюмдарды даяр кармаңыз;
- Электр шаймандарын өчүрүңүз;
- Балдарды жана кары-картаңдарды биринчи коопсуз жерге чыгарыңыз;
- Дароо бийик жерге чыгыңыз;
- Маалымат түйүндөрүн карап туруңуз;
- Кырсык катталганда бирдиктүү 112 номерине кайрылыңыз.