Соң-Көлдөн 2,5 чакырымга созулган мыйзамсыз тор чыгарылды

Аймак Загрузка... 11 Июнь 2026 09:05
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Соң-Көл менен Ысык-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоо иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Соң-Көл көлүнүн акваториясында кезектеги рейдди өткөрүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында суу астынан мыйзамсыз коюлган, жалпы узундугу болжол менен 2500 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор табылып, сыртка чыгарылды.

Ошондой эле буга чейин бир күн мурун Ысык-Көлдө да ири тазалоо иштери жүргөн. Ал жакта балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип жаткан 1 чакырымдан ашык синтетикалык торлор алынып, мындан сырткары көл түбүнөн 25 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылган.