Спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Спорт Загрузка... 15 Апрель 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Кыргызстандын жаштар арасындагы биринчилиги жана чоңдор арасындагы чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, беттешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 307 спортчу катышууда. Мелдештер 18-апрелге чейин уланат.

Салтанаттуу ачылыш аземинде спортчулардын парады өтүп, ага Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, Кикбоксинг федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.