Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Айтматов районунун Ак-Башат айылында мурда пайдаланылбай келген жерлер заманбап техникалар менен өздөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул демилгени "Бай Элим" компаниясы ишке ашырууда. Компания айыл чарба өндүрүшүн эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүнү көздөп, Global GAP жана ORGANIC стандарттары менен иш алып барууда.
Долбоордун алкагында Казакстандан жогорку сапаттагы "Гала" сортундагы картошканын 100 тонна үрөнү алып келинип, 40 гектар жер аянтына эгилүүдө.