Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектисиндеги (Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн аралыгы) курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Айрымдар баштапкы долбоор башкача болчу, көп кабаттуу имараттын салынуусу орунсуз десе, айрымдар жол тарып кеткен деген пикирлерин соцтармактарда байма-бай жазышууда. Мындан улам "Кабар" маалымат агенттиги аталган долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевден жогоруда айтылган пикирлер боюнча жооп алды.
Түлеевдин айтымында, бул долбоор толук бүткөн соң Кыргызстандын Монте-Карлосу болот.
Ал шаар тургундарын сабыр кылып, бир аз күтө турууну өтүндү.
“Бул долбоорду биз шаар кеңешинде коргоп, бекиттиргенбиз. Баштапкы долбоордо кандай болуп көрсөтүлгөн болсо, дал ошондой болуп бүтөт. Сиздер айтып жаткан 3 кабаттуу жаңы салынып жаткан имараттын сырткы көрүнүшү толкун түрүндө болот. Шаар көркүн бузган артындагы алтын саткан эски дүкөндөр 30 жылдан бери бузулбай иштеп келген. Себеби алар жеке менчикке өтүп кеткен. Ошол эски дүкөндөр жабылды.
Имараттын баш жагында кароо мунарасы болот. Туристтер жана коноктор ал жака чыгып, бул жердеги кооздукка күбө болушат.
Ал эми жол боюнча айта турган болсом, мурда туурасы 15 метрлик жол 16 метрге кеңейтилип, 2 тилке кошулду. Мурдагы 4 тилкеден, 6 тилкелүү жолго айланды. Биз жолду тарыткан жокпуз, тескерисинче кеңейттик. Атайын автобустар токтой турган чөнтөкчөлөр да жасалды. Шопоков көчөсү тарабында 300дөн ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Дагы 2 ай убакыт бергиле, мен долбоорду аягына чыгарайын. Эгерде, ошондо Түлеев начар жасады дешсе, кайра жасап берүүгө даярмын.
Дүйнө өзгөрүүдө. Мен көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде болуп келдим. Биз дагы өнүгөлү, алдыга жылалы. Шаардын борборунда заманбап жай болсун деп жатам.
Ал эми бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот. Шаардыктар ушул жерде күнү-түнү эс алышат. Асты өзүнчө шаар болду. Аны бүткөндө өзүңөр көрөсүңөр. Болгону курулуш иштери толугу менен аягына чыккыча, чыдап күтө тургула ”, -деди Түлеев.