Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 10-апрелде Токмок ШИИБине орто мектептердин биринин окуучусу, 2012-жылы туулган Ж.Н. ошол эле мектептин физика мугалими, 2005-жылы туулган А.А. тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада мугалим А.А. кармалып, 2 айга камакка алынды.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.