Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ыкчам тобу жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычынын аймагында рейдге чыгышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда айрым жарандар балык уулоочу торлорду сууга коюп жаткан учурда кармалды. Мыйзам бузуу фактылары жеринде катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Жыйынтыгында 7 жаранга Укук бузуулар кодексинин негизинде ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 38 миң 500 сом айып салынды.
Текшерүү маалында мыйзамсыз кармалган балыктар да аныкталды.
Жаратылышка келтирилген зыян үчүн 34 миң 542 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Мындан тышкары, рейдде сууга салынган болжол менен 560 метрге жакын тор жыйналып алынып, кошумча 100 метрге жакын жаңы синтетикалык торлор табылды.