Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 14 Апрель 2026 18:15
1065561421_0_635_2513_2048_1920x0_80_0_0_ee3d94a4119a6de949e3021a8060ad34.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 15-апрелдин экинчи жарымынан тарта 17-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар экени айтылды.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга жана арыктарды тазалап, алдын алуу чараларын көрүүгө чакырат.