Тоолуу Алай районунда дарыгерлердин тартыштыгы кантип чечилди?

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ) бийик тоолуу аймак болушуна карабастан, кадр тартыштыгы маселесин 95 пайызга чечти.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө мекемеде иштеген 96 дарыгердин 80 пайыздан ашыгын 40 жашка чейинки жаш адистер түзөт.

Оорукананын директору Дайырбек Адыровдун айтымында, борбордо педиатр, акушер-гинеколог, хирург жана үй-бүлөлүк дарыгерлер толук жетиштүү. Учурда онколог, рабиолог жана фтизиатрга гана муктаждык бар.

"Биз жаш дарыгерлер үчүн турак жай маселесин чечип, жатаканаларды оңдоп бердик. Ал тургай айрым кызматкерлер жумуштан сырткары убакта жатакананын короосунда чакан чарба куруп, тоок, кой багууга жетишишет. Дарыгер өзүн үйдөгүдөй сезип, колдоо көрсө, ушул жерде калат жана башка кесиптештерин да чакырат", — дейт жетекчи.

Кадрлар менен бирге мекеменин материалдык-техникалык базасы да заманбап деңгээлге көтөрүлүүдө. Акыркы эки жылда 20 млн сомдон ашык суммага заманбап УЗИ аппараттары, ЛОР-комбайндар, наркоздук-дем алдыруучу жабдыктар жана кувездер алынган. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында операциялык блоктун жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

Учурда райондо калкка шашылыш жардам көрсөтүү үчүн 16 унаа жана 3 пункт үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Мындан тышкары, Алайда 200 орундуу жаңы оорукананын курулуш долбоору иштелип чыгууда. Анын алкагында аймакка МРТ аппаратын сатып алуу пландалууда. Негизги максат - жергиликтүү тургундардын райондон чыкпай эле сапаттуу медициналык жардам алуусун камсыздоо.