Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө башкармалыктын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоонун коррупциялык схемасы аныкталды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.