Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Түркияда мектептерде болгон эки ири ок атуу окуясынан кийин 162 адам кармалды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кармалгандар интернет аркылуу бул окуялар боюнча жалган маалымат таратууга жана чабуулдарды ачык түрдө колдоого шектелүүдө. Мындай мыйзам бузууларга байланыштуу социалдык тармактардагы 1,1 миңден ашуун аккаунт бөгөттөлдү.
Өлкөнүн юстиция министри Акы́н Гюрлектин айтымында коомчулук арасында коркунуч, тынчсыздануу жана дүрбөлөң жараткан контентти жайылткан көптөгөн аккаунттарды аныкталды.
“Алар жаңылыш маалымат таратып, кылмыштарды жана кылмышкерлерди даңазалашкан”,-деди министр.
Эске салсак, 15-апрелде Кахраманмараш шаарындагы орто мектепте болгон ок атууда тогуз адам, ок чыгарган өспүрүм өзү да каза тапкан. Ал эми 14-апрелде Шанлыурфа провинциясында мурдагы окуучу мектепке кирип барып, 16 адамды жарадар кылган. Кийин ал өз жанын кыйган.