Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунда болжол менен 50 млн сомдук долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу аталган райондун акими Мирбек Шамырканов президент Садыр Жапаровго райондун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен тааныштырганда билдирди.
Акимдин айтымында, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Долбоор салттуу ишмердүүлүктү колдоого багытталып, тигүү цехин ачуу, кийизден улуттук буюмдарды жасоо, килем токуу, чий согуу жана башка багыттарды камтыйт.
“Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана Чоң-Алай районунун туруктуу өнүгүшүнө багытталган”, - деди ал.