Ысык-Көлдөн 1200 метр тор жана 25 кг таштанды чыгарылды

Аймак Загрузка... 10 Июнь 2026 15:30
copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү, Жаркымбай жана Ананьево айыл аймактарындагы акваториясынан жалпы узундугу 1200 метрди түзгөн синтетикалык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришендей, инспекторлор тарабынан жүргүзүлгөн рейддин алкагында торлордон сырткары көлдүн түбүнөн 25 кг таштанды чыгарылды.

Ошондой эле жеринде жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга мыйзамсыз балык уулоонун экологиялык кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адистердин айтымында, мындай кытай торлору көлдүн балык ресурстарына жана жалпы экосистемасына олуттуу зыян келтирет.