Ысык-Көлгө кум-шагыл төккөн компаниялар текшерилүүдө

Аймак Загрузка... 24 Апрель 2026 19:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Тамчы айылындагы Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүп жаткан курулуш компанияларына карата расмий текшерүү башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Елизавета", "Урпак Резорт" жана "Авангард Стиль" курулуш компаниялары көлдүн жээгине топурак төгүп жаткан видеолор тараган. Андан соң, 22-апрелде жарандардан расмий арыздар түшкөн.

"Экономика министрлигинин макулдугу менен 23-апрелден тарта аталган компанияларда плансыз текшерүү жүрүүдө. Кум жана топурак төгүүнүн кесепетинен көл жээгинин канчалык деңгээлде өзгөргөнүн аныктоо үчүн атайын өлчөөлөр жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сууну коргоо зонасында иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү иш кагаздары талап кылынды. Бирок азыркы тапта компаниялар тиешелүү документтерди көрсөтө элек.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жаратылышка келтирилген зыян эсептелип, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү белгиленди. Ысык-Көлдүн экологиялык абалы мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат.