Ташкент, 24.02.25. /Кабар/. Өзбекстанда банктар жарандардын алдын ала макулдугусуз насыя, кредит берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» жаңы мыйзамда каралган, деп билдирет өзбек парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.
Бул чара насыялык бүтүмдөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана алдамчылыктын алдын алууга багытталган.
Мыйзам жарандарга өз атына насыя алууга тыюу салуу же уруксат берүү укугун бекитет, насыялык бүтүмдөргө тыюу салуу реестриндеги каттоону жөнгө салат жана анын бузулушу үчүн жоопкерчиликти белгилейт.
Серепчилердин баамында, кабыл алынган өзгөртүүлөр жарандарга өз алдынча насыяларды бөгөт коюуга мүмкүндүк берип, каржылык алдамчылыктан коргоону камсыз кылат.