Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарындагы курулуш материалдарын өндүрүүчү "Нур" ишканасынын абалы менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган ишкана буга чейин бир нече жыл иштебей токтоп турган. Учурда объект толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жабдуулар жабдылууда. Ишкана жакынкы арада ишке кирүүсү пландалып жатат.
Ишкана ишке берилсе газоблок, ротбанд, шпаклевканын бардык түрлөрү, кафель желими, наливной пол жана ар түрдүү боёк материалдары өндүрүлөт.
Мамыржан Рахимов өз сөзүндө мындай өндүрүш ишканаларынын ачылышы, ички рынокту сапаттуу курулуш материалдары менен камсыз кылууга, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.