Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери жашайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 8и согуштун түз катышуучулары. Аймактар боюнча:
- Бишкекте – 4;
- Чүй облусунун Жайыл районунда – 2;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунда – 1;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда – 1.
Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам жана концлагерлердин мурдагы 6 туткуну бар.