Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Баткен облусунда "Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги" аттуу республикалык семинар-кеңешме өттү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара улуу инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев жана Мурат Салиховдун эстеликтерине гүл коюу менен башталып, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган жетекчилер, ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандын чектеш райондорунан келген коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" жарлыгынын алкагында улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана маданий баалуулуктар тартууланды.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин арасында "Акыл Майдан” оюну өтүп, жыйынтыгында Ош жана Баткен облустары биринчи орунду, Жалал-Абад облусу экинчи орунду камсыз кылды.

Катышуучулар 2025-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл аймак” аталган Суу-Башы айыл аймагындагы алгылыктуу иштер, атап айтканда, таза суу долбоорлору, социалдык объекттер жана музейлер менен таанышты.

Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана башка жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкон алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты.