Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын демилгеси болгон — эл аралык автомобиль ташууларына уруксат кагаздарын санариптештирүү боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук мекемелеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум өзгөчө кызыгууну жаратат. Бул тууралуу Беларустун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Сергей Дубина Бишкекте өткөн “Кыргызстан — аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форумунда билдирди.
Анын айтымында, бул меморандум маалыматтык технологияларды колдонуу жана геоаймактык тутумдарды киргизүү аркылуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жүк ташууларга уруксат кагаздарын санариптештирүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызмат кылат.
“Биз жакынкы күндөрү эле меморандумдун текстинин акыркы вариантын даярдоого жетиштик. Кыргыз тараптын демилгесин толугу менен колдойбуз жана меморандумга кол коюуга даярбыз. Беларусь мультимодалдык жер үстүндөгү жүк ташууларды башкаруу үчүн ШКУнун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү концепциясынын долбоорун даярдоого кызыкдар жана ага активдүү катышат.
Биз темир жол тармагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүн колдойбуз жана ШКУ өлкөлөрүнүн темир жол мейкиндигин интеграциялоо боюнча кеңеш түзүү концепциясынын үстүндө жүргүзүлүп жаткан ишти бул багыттагы маанилүү кадам деп эсептейбиз”, — деди ал.
Беларустун министри өз ара байланышты өнүктүрүү жана натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүү боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтык концепциясын ишке ашыруу маселелери бардык мүчө мамлекеттер үчүн практикалык мааниге ээ экенин белгиледи.
“Жүктөрдү эл аралык автомобиль менен ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Жибек Жолунун боюнда транспорт каражаттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук ведомстволорунун ортосундагы Жибек Жолунун боюнда сервисти өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун жоболорун ишке ашырууну күчөтүүгө чакырабыз”, — деди ал.
Сөзүнүн акырында ал ШКУнун бардык мамлекеттери үчүн форумдун күн тартибиндеги маселелер актуалдуу экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форуму өттү.
Форумда ШКУнун жана ТМУнун алкагында эки меморандумга кол коюлду.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташууларга уруксаттарды санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук версиясын ("e-CMR") ишке ашыруу боюнча Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт үчүн жооптуу министрликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.