Бишкек, 25.03.06. /Кабар/. Караколдо бош кызмат орундарына адистерди тандоо жүрүп жатат. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан Жыргалаңда иштөөгө кызыккан талапкерлерден 200гө жакын арыз келип түшкөн. Алдын ала тандоонун жыйынтыгында 60ка жакын талапкер маектешүүгө чакырылды.
"Маектешүүнүн биринчи этабы өтүп, талапкерлер өздөрүнүн тажрыйбасын, көндүмдөрүн жана кесиптик сапаттарын тааныштырышты. Бүгүн маектешүүнүн экинчи күнү өтөт. Эки күндүн жыйынтыгында талапкерлер тандалып, командага кошулат", — деп белгилешти мекемеден.