Бишкектин бир бөлүгүндө 7 саатка суу өчүрүлөт. Көчөлөрдүн тизмеси

Коом Загрузка... 22 Май 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 25-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов, Балтагулов көчөлөрү, Ч. Айтматов проспектиси, ошондой эле Сухомлинов, Ш. Руставели жана Айни көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.