"7 образ – бир тарых": Көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясы старт алды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 25 Май 2026 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн "7 образ – бир тарых" деп аталган визуалдык кампания ишке кирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришкендей, бул оюндардын коммуникациясында этап-этабы менен ачылып бериле турган жети визуалдык сюжеттен турган сериалдык долбоор. Алардын ар бири кыймыл-аракет, спорттук тажрыйбалар, ошондой эле адамдын салт-санаа жана айлана-чөйрө менен болгон байланышы аркылуу маданияттын өзгөчө бир бөлүгүн көрсөтүп берет.

"Бул кампания быйылкы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында башталып, ырааттуу түрдө санариптик каналдарда, маалымат каражаттарында жана шаардык визуалдык форматтарда жайылтылат", - деп айтылат маалыматта.

Ар бир кыймылда өз ыргагы. Ар бир кадрда өз тарыхы бар

Кампаниянын биринчи этабы буга чейин ишке киргизилди: аудитория бүгүнкү күндө да жашап жаткан адамдар, каада-салттар жана оюндар аркылуу маданиятты ачып берген жети визуалдык окуя менен акырындап тааныша баштады.

Ар бир сюжет чыныгы жашоодогу таанымал көрүнүштөргө негизделген: ат жабдуу, улуттук оюндар жана мелдештер, кыргыз турмушунда жана каада-салтында терең тамыр жайган күнүмдүк ишараттар менен ырым-жырымдар камтылган.

Бул өткөн чакты жөн гана кайра калыбына келтирүү (реконструкциялоо) эмес, маданияттын дал ушул жерде жана азыр – салт-санаа заманбап жашоонун бир бөлүгү катары жашап жаткан Кыргызстандын тоолорундагы жандуу көрүнүшүн чагылдыруу болуп саналат.

Бул визуалдык топтом ДКО 2026ны жасалгалоонун негизин түзөт жана сырткы жарнамаларда, социалдык тармактарда, расмий аянтчаларда жана медиа-кампанияларда кеңири колдонулат.

"7 образ – бир тарых" концепциясы кампаниянын бардык материалдарын бирдиктүү визуалдык тилге бириктирип, көчмөн маданиятын кыймылдын, мүнөздүн жана жашоонун жети башка абалы аркылуу ачып берет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – алгачкы жолу 2014-жылы Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлгөн эл аралык маданий-спорттук иш-чара. Кыргызстан дүйнөдөгү көчмөн элдердин салттуу маданиятын жана этникалык спорт түрлөрүн сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган бул Оюндардын концепциясынын автору жана аны өткөрүүнүн демилгечиси болуп саналат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарындагы "Бишкек арена" стадионунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулат, ал эми негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Иш-чарага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Оюндардын программасына этноспорттун 43 түрү, ошондой эле маданий жана илимий иш-чаралар кирген. Оюндардын урааны – "Күч бирдикте! Рух бирдикте!".

Белгилей кетсек, 2026-жылы "Кабар" КУМА дүйнө көчмөндөрүнүн мурасын сактоого жана жайылтууга багытталган бул эң ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилде чагылдырууну камсыз кылуу менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары чыгууда.

"Кабар" КУМА – Кыргызстандын 1937-жылы негизделген эң алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү негизги окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде чагылдырып келет.

Бүгүнкү күндө "Кабар" алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен кызматташат жана ата мекендик, ошондой эле чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий маалыматтын негизги булагы болуп саналат.