Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Бизнес Загрузка... 16 Июль 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. 16-июлда "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы Ысык-Көл жана Баткен облустарынын ортосунда Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча өлкө тарыхындагы эң биринчи түз авиакаттамды аткарып, Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында жаңы барак ачты.

Баткендин тургундары өмүрүндө биринчи жолу узак жол жүрбөстөн жана эч кандай транзитсиз түз эле Ысык-Көлдүн жээгине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми Ысык-Көл облусунун тургундары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине тез арада жете алышат.

Жаңы багыт Кыргызстандын транспорттук байланышын чыңдоодо, ички туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Каттамдар жайкы туристтик сезон учурунда жума сайын бейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомдон башталат.