«Укмуш ТВ» тиркемесинде 2026-жылкы ДЧнын финалы: мыктыларды колдоого убакыт келди

Бизнес Загрузка... 14 Июль 2026 13:48
2560х1440_анонс кр.png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын эң масштабдуу жана эң кызыктуу мелдеши финалга жакындап калды. Алдыда жарым финалдар, үчүнчү орун үчүн оюн жана жаңы дүйнө чемпионун аныктай турган башкы беттеш турат. Төрт мыкты команданын кайсынысы Дүйнө кубогун жеңет: Франция, Испания, Англия же Аргентина?

Франция турнирдин эң күчтүү жана тең салмактуу командаларынын бири катары жарым финалга чыгууда. Команданын башкы жылдызы — Килиан Мбаппе, анын жаркын ылдамдыгы, чебер кыймылы жана так соккулары көп жолу оюндун жыйынтыгын чечкен.

Испания топту көзөмөлдөө, темп жана линиялардын ортосундагы так оюнга басым жасайт. Көңүл борборунда — Ламин Ямаль, мелдеште ийгиликтүү дриблингдердин саны боюнча лидер жана футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң жаш голдордун биринин автору.

Англия — ийкемдүү тактикасы, курамынын тереңдиги жана прагматикалык оюну менен күчтүү. Негизги фигура — Жуд Беллингем, ал эң чыңалган учурларда жоопкерчиликти өзүнө ала билет жана феноменалдуу гол сезимине ээ.

Аргентина — учурдагы чемпиондук тажрыйба, тайманбас мүнөз жана оюн учурунда ыңгайлаша билүү. Команданын символу — Лионель Месси, аны бардык мезгилдердин эң мыкты футболчуларынын бири деп аташат.

Кайсы сапаттар чындап эле жеңишке алып келет? Жакында билебиз. Beeline'дын «Укмуш ТВ» тиркемесинен чечүүчү беттештерди түз эфирде көрүңүз:

  • 15 июль 01:00 — жарым финал, Франция – Испания;
  • 16 июль 01:00 — жарым финал, Англия – Аргентина;
  • 19 июль 03:00 — үчунчү орун үчүн беттешүү;
  • 20 июль 01:00 — 2026 ДЧ финалы.

«Укмуш ТВ» тиркемесин App Store жана Google Play'ден жүктөп алыңыз. Дүйнө чемпионатынын (2026 ДЧ) түз эфирдеги беттештерин каалаган жерден жана каалаган ыңгайлуу түзмөктөн: смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же Smart TVден көрүңүз.

Жаңы колдонуучулар үчүн алгачкы 7 күн — АКЫСЫЗ, андан кийин жазылуунун баасы суткасына 3 сомдон башталат. Beeline'дын кээ бир тарифтеринде: «Укмуш AI», «Безлимит Pro Max» жана башкаларда кызматка акысыз жетүү бар.

Эң кызыктуу нерселердин баарын өткөрүп жибербеңиз жана сүйүктүү командаңызды акыркы ышкырыкка чейин колдоңуз. «Укмуш ТВ» тиркемеси — футбол тарыхы көз алдыңызда жаралат!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

«Укмуш ТВ» кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент «Стрим Плюс» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы).

КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы