Чет өлкөдө төрөлгөн балага "Бала ырысы" жөлөк пулу кандай чегерилет?

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 16:50
images.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалыдк камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдарга "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, эгерде бала Кыргызстандын аймагынан тышкары төрөлүп, "Түндүк" тиркемеси аркылуу жөлөк пулга арыз бергенде ката чыгып жатса, анда балаңызга жеке идентификациялык номер (ЖИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбаган болушу мүмкүн.

Бул учурда жакынкы тейлөө борборуна кайрылып, төмөнкү документтерди алып баруу керек:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
  • ата-энесинин биринин паспорту;
  • эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет тилде болсо – анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.

Калкты тейлөө борборунда балага ЖИН ыйгарылып, ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылат. Андан кийин Эмгек министрлигинин адистери маалыматтарды системага киргизип, "Бала ырысы" жөлөк пулун тариздөөнү улантууга болот.

Эгер баланын Кыргызстандын жаранынын паспорту жок болсо, анда Кыргызстандын жарандыгына таандык экендиги тууралуу маалымкат алуу керек. Аны да Калкты тейлөө борборунан алууга болот.

Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат. Ошондуктан аны алдын ала алуу сунушталат.

Министрликтен белгилешкендей, эгер балаңыз чет өлкөдө төрөлгөн болсо, алдын ала анын ЖИНи бар же жок экенин текшерип коюңуз. Бул "Бала ырысы" жөлөк пулун дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдүн алдын алат.