Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору " ААК эл аралык жүк авиациясын өнүктүрүү жана Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча ырааттуу иштерин улантууда. Экспресс-жеткирүү жана логистика тармагында дүйнөдөгү эң ири операторлордун бири, өнүккөн эл аралык түйүнгө ээ жана жүк ташуулардын көлөмү боюнча тармактын лидерлеринин катарына кирген кытайлык ZTO Express логистикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Анын жүрүшүндө тараптар логистиканы пайдаланып Бишкекти Европа өлкөлөрү менен мультимодалдык байланыштыруучу жаңы эл аралык жүк ташуу маршрутун ишке киргизүүнү талкуулашты. Долбоорго ылайык, жүктөр алгач автомобиль транспорту менен Кыргызстангаа жеткирилип, андан соң "Манас" эл аралык аэропортунда иштетилип жана кайра жүктөлүп, аба транспорту аркылуу Европадагы алуучуларга жөнөтүлөт.
Долбоорду ишке ашыруу Азия менен Европанын ортосундагы жеткирүүнүн мөөнөттөрүн кыйла кыскартууга, эл аралык логистикалык байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууга, аба аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы транзиттик жүк агымдарын тартууга, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикасына кошумча киреше алып келүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык транспорттук картадагы өз позициясын ишенимдүү бекемдеп жатат. Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышы дүйнөдөгү ири логистикалык операторлор менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү фактор болду. Бул чечим эл аралык аба ташууларын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, чет элдик өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп, өлкөнүн авиация тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатты.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов заманбап жүк ташуу маршруттарын түзүү ата мекендик авиацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Кыргызстан Азия менен Европанын ортосундагы жаңы логистикалык көпүрөгө айланат. Биз автоунаа жана аба транспорту аркылуу жүк ташууларды натыйжалуу айкалыштырган заманбап транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү калыптандырып жатабыз. Бул эл аралык жүк агымдарын тартууга жана өлкөбүз үчүн дүйнөлүк соодада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарт түзөт. ZTO Express сыяктуу ири эл аралык компаниялардын кызыгуусу Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөш жана аймактагы келечектүү транспорттук түйүнү катары кадыр-баркы өсүп жатканын ырастайт", — деп белгиледи Манасбек Самидинов.