ШКУ: "Элдик Банк" Кытай банкы менен 1 млрд юандык макулдашууга кол койду

Бизнес Загрузка... 02 Июль 2026 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Элдик Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин алкагында "Элдик Банк" ААК жана Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 1 млрд юань суммасында кезектеги кредиттик макулдашууга кол коюшту. Бул документ стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду каржылоого жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган.

Кол коюу аземине "Элдик Банк" ААКнын төрагасы Уланбек Ногаев жана Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Тань Цзюн катышты.

Эки каржы институтунун кызматташтык жылдарында экономиканы колдоонун натыйжалуу механизмдери түзүлүп, ишкердикти өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүүдө. Жаңы кредиттик линия артыкчылыктуу тармактарды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Бөлүнгөн каражаттар инфраструктура, “жашыл” энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана башка инвестициялык тармактардагы чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат. Ата мекендик ишкерлердин өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн зарыл болгон узак мөөнөттүү финансылык ресурстарга жетүүсү өзгөчө мааниге ээ.

Ошондой эле банктын туунду компаниялары — "Элдик Лизинг" жана "Скай Мобайл" үчүн 700 млн юань бөлүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда, алар ушул келишимдин алкагында долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу болушат.

Документке кол коюу "Элдик Банк" ААК менен Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктайт жана тараптардын финансылык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат.

"Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташуубуз жыйырма жылдан бери ийгиликтүү өнүгүп келе жатат жана Кыргызстандын экономикасын колдоого зор салым кошууда. Жаңы келишим артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого жардам берет", — деп белгиледи "Элдик Банк" ААК башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.