Элдик Банк ШКУнун Банктар аралык кеңешинин жыйынын ачты

Бизнес Загрузка... 02 Июль 2026 10:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Элдик Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесини кеңешинин XXII отуруму башталды. Иш-чараны "Элдик Банк" ААКсы ачты.

Быйылкы жылы ШКУнун Банктар аралык бирикмесине төрагалык кылууну "Элдик Банк" ААКсы ишке ашырып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстандын ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин мүчө банктарынын — Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстан республикаларынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында туруктуу каржылоо принциптерин алдыга жылдыруу боюнча негизги маселелерди карашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин каржы институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана көп тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

"Элдик Банк" ААКнын төрагалыгы астында өтүп жаткан бул отурум ШКУнун аймагындагы финансылык кызматташтыкты чыңдоодо жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын активдүү ролун айгинелейт.