Кыргызстандын дипломатиясы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй тарыхый ийгиликтерге жетишти. Өлкө тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланып, коңшулар менен ондогон жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелерин толук чече алды. Муну менен катар, ата мекендик продукциялар Европа менен Кытайдын базарларын багындырып, туристтик потенциалыбыз дүйнөлүк абройлуу басылмалардын сап башына чыкты. "Кабар" агенттиги өлкөнүн тышкы саясаттагы ушул жана башка ири жетишкендиктери тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон маанилүү маекти сунуштайт.
— Чек ара маселелерин жөнгө салуу багытында коңшу мамлекеттер менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктары тууралуу айтып бере аласызбы?
— Чек ара жана аймактык маселелер дагы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү өтө жооптуу багыттардын бири болуп саналат. 2025-жылы Кыргызстан тарыхый жыйынтыкка жетишти, кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлду, тактап айтканда, бардык коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу аяктады.
2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы консенсус аркылуу "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү" аттуу резолюцияны кабыл алды. Документтин коспонсорлору катары 40тан ашуун мамлекет чыкты. Резолюция Кыргызстан тараптан Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте сунушталды.
Резолюциянын негизги максаты — аймак өлкөлөрүнүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү: сезимтал маселелерди тынчтык жолдору аркылуу БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык чечүү жөндөмүн көрсөтүү.
Документте белгиленген Борбор Азиянын жетишкендиктери бүткүл эл аралык коомчулук үчүн конструктивдүү үлгү болуп, коңшулаш мамлекеттер ортосундагы жакшы мамиленин модели жана аймак өлкөлөрүнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы катары кызмат кылат.
Аталган резолюциянын кабыл алынышы Кыргызстандын жана аймак өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою чечилбей келген курч маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жөндөмдүү экендигинин дагы бир тастыгы жана эл аралык деңгээлде таанылышы болду. Дүйнөлүк коомчулук Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактагы тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө болгон умтулуусун бир добуштан белгиледи.
— Кыргызстан бүгүнкү күндө эл аралык уюмдардын алкагында кандай демилгелерди көтөрүп келет жана алардын эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынышы кандай деңгээлде?
— Кыргыз Республикасы акыркы жылдары эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө багытталган жигердүү тышкы саясат жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө өлкө Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздук жана маданияттар аралык диалогду бекемдөө сыяктуу багыттар боюнча бир катар маанилүү демилгелерди көтөрүүдө. Бул демилгелер эл аралык коомчулук тарабынан кеңири колдоого ээ болуп, тиешелүү резолюциялардын кабыл алынышы жана практикалык долбоорлордун ишке ашырылышы аркылуу өз натыйжасын көрсөтүүдө.
2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды.
Коопсуздук кеңешинде иштөөнүн өзү өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдейт. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун ишениминин белгиси жана мамлекеттин активдүү тышкы саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Коопсуздук кеңешине мүчөлүк жаңы дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы державалары менен ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтип, өз ара байланышты чыңдай алат.
Кыргызстан биздин талапкерлигибизге болгон ишеними жана кеңири колдоосу үчүн БУУнун мүчө мамлекеттерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары эл аралык коомчулуктун Кыргызстандын БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө болгон туруктуу милдеттенмелерин жогору баалаганын тастыктайт.
Биз БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташууга жана БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине ылайык эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган аракеттерге өз салымыбызды кошууга даяр экенибизди өзгөчө белгилеп кетким келет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволор менен биргеликте кыргыз элинин тарыхый материалдык жана руханий мурастарын сактоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы "Жибек жолу: Фергана–Сырдарыя коридору" аттуу сериялык трансулуттук номинацияны ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине биргелешип даярдоо иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын 7 объектисин аталган тизмеге киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле "Кыргыздын салттуу суусундугу – максымды даярдоонун салттуу билимдери" аттуу номинация ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилген.
ЮНЕСКО тарабынан 2026-жылдын февраль айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронат берилген. ЮНЕСКО тарабынан 2026-жылдын май айында Эл аралык Ысык-Көл форумуна патронат берилген.
Ошондой эле Кыргызстан глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү негизги демилгечилердин бири болуп саналат жана эл аралык аренада тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жигердүү алдыга жылдырууда. 2000-жылдардын башынан тартып Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоо маселелерине бурууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле тоо экосистемаларын сактоого багытталган активдүү иштерди жүргүзүп келет.
Туруктуу тоо өнүгүүсү жаатындагы глобалдык күн тартибин кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын демилгеси жана өнөктөш тоолуу өлкөлөрдүн кеңири колдоосу менен учурда "2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдык планы" ишке ашырылууда.
"Иш-аракеттердин беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда Биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммити өткөрүлөт.
Ошондой эле Кыргызстандын демилгеси менен ак илбирсти жана биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча эл аралык кызматташтык чыңдалууда.
Мындан тышкары өлкөбүздүн сунушу менен 5-март Куралсыздандыруу жана жайылтпоо жаатындагы агартуунун эл аралык күнү деп жарыяланган. Бул демилге билим берүү, өзгөчө жаштардын аң-сезимин жогорулатуу аркылуу глобалдык коркунучтардын алдын алууга багытталган.
— Экономикалык дипломатияны өнүктүрүү аркылуу Кыргызстанга инвестицияларды тартуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча кандай натыйжалар болду?
— Тышкы иштер министрлиги үчүн өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, инвестицияларды тартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик органдарга тышкы экономикалык милдеттерди аткарууда көмөк көрсөтүү — ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Министрликтин жетекчилиги, өкүлдөрү жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргызстандын артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорун тааныштыруу максатында чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрү менен туруктуу негизде жолугушууларды өткөрүп турушат.
Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү үчүн Тышкы иштер министрлиги ар кандай иш-чараларды өткөрүү жана катышуу жолу менен иш алып барат, ата мекендик бизнес менен өз ара аракеттенет, аккредитация өлкөлөрүндөгү мамлекеттик жана жеке уюмдар менен ишкер байланыштарды түзөт жана колдойт.
2025-жылы 35тен ашык эл аралык көргөзмөлөргө, анын ичинде айыл чарба, азык-түлүк жана өнөр жай тармактарына 300дөн ашык ата мекендик экспортёр компанияларга катышууга көмөк көрсөтүлдү. Мындан тышкары, мекемелер тарабынан экспортту илгерилетүү алкагында 126 жолугушуу жана иш-чара өткөрүлдү.
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны жайылтуу максатында кыргыз ишкерлеринин БАЭ, Өзбекстан, Тажикстан, АКШ, Нидерланддар, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөргө 9 бизнес-миссиясын өткөрүүгө көмөк көрсөтүлдү.
Осака шаарындагы ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүнө катышуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Улуттук павильонунун алтын медаль менен сыйланышы маанилүү жетишкендиктердин бири болду.
2026-жылы кыргыз балы Евро биримдиктин рыногуна расмий кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Евро биримдик продукциянын бардык сапаттык нормаларга жооп берерин тааныды. Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балынын өндүрүүчүлөрүнүн сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата мекендик продукциянын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, Кыргызстандан Кытайга экспорт активдүү кеңейип, айыл чарба, тамак-аш азыктары, ошондой эле чийки заттарды камтыган 32ден ашык товар түрлөрүн камтыйт.
2026-жылдын 12-февралынан баштап, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын сегиз ишканасын экспорттоого уруксат берилгендердин тизмесине кошту. Кытай Эл Республикасынын рыногуна жеткирүүгө уруксат берилгендердин тизмесине "Ат Башы Трейд" ЖЧК, "Алия" ЖЧК, "Гермес Ко ЛТД" ЖЧК, "Жол-Аман" ЖЧК, "Таалай Групп" ЖЧК, Wool KG ЖЧК, "Опэн Трейд" ЖЧК жана "Торугарт Трейд" ЖЧК кирди.
2026-жылы Кыргызстандан экспорт дагы эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө топтолгон, алар бардык жеткирүүлөрдүн жарымынан көбүн түзөт (лидерлер — Россия жана Казакстан). Бирок, өкмөт Жакынкы Чыгышта, Азияда жана Европада жаңы логистикалык жана керектөөчү рынокторду ачуу менен экспорттук саясатты активдүү багыттап жатат.
Бириккен Араб Эмираттары КМШдан тышкаркы экспорттун олуттуу бөлүгү кеткен негизги жаңы багыттардын бири болуп калды.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз экспортчуларынын чет өлкөгө продукциясын жеткирүүдө келип чыккан маселелерин чечүүгө да катышат.
Туризм тармагын өнүктүрүү максатында министрлик жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргызстандын туризм боюнча ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте өлкөнүн туристтик потенциалын чет өлкөлөргө тааныштыруу боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатышат.
Себеби Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки өнүгүү улуттук программасында туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн төрт артыкчылыктуу багытынын бири болуп белгиленген.
Мисалы, 2025-жылы ТИМдин жардамы менен Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 39 иш-чара, мисалы, роуд-шоу, инфо-тур, көргөзмө ж.б. өткөрүлдү.
Ошентип, дүйнө жүзүндө биздин өлкөгө болгон туризмге болгон кызыгуунун өсүшүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан The New York Times, Financial Times жана The Guardian сыяктуу кадыр-барктуу басылмалардагы 2026-жылга карата дүйнөдөгү мыкты туристтик багыттардын абройлуу рейтингинде белгиленди.
2026-жылы Тышкы иштер министрлиги Германия, Кытай, Корея, Россия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөгү чет элдик көргөзмөлөргө туристтик операторлорубуздун катышуусуна көмөк көрсөттү.
Мындан тышкары, биз "Ала-Тоо Резорт", "Чаткал Резорт", "Байтик Маунтин" жана Ысык-Көлдөгү "Тосор" эс алуу борбору сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө иштерин жүргүзүп жатабыз.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиз чет элдик инвесторлор менен гана иштебестен, өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча, биз диаспоралар арасында иш алып барып, мекендештерибизди Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга тартуу максатын көздөйбүз деп белгилеп кетким келет. Мисалы, апрель-май айларында биз "Ала-Тоо Резорт" улуттук долбоорун тааныштыруу үчүн дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндөгү жана шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдүк. Долбоор Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууну каалаган мекендештердин арасында чоң кызыгууну жаратты жана бул кыргыз диаспоралары менен иштөө улантылат.
Быйыл болсо, албетте, туризм тармагындагы негизги иш-чара 6-чы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү болот, ага Тышкы иштер министрлиги да активдүү катышууда.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдарына чет өлкөлөрдө соода-логистикалык борборлорду жана соода үйлөрүн ачуу маселеси боюнча көмөк көрсөтөт.
Атап айтканда, ТИМдин көмөгү менен 2025-жылы Баку шаарында (25-апрель), Казань шаарында (16-май) Соода үйлөрүнүн ачылышы, ошондой эле Чунцин шаарында соода павильонунун жана Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун (26-сентябрь) ачылышы болду.
Мындан тышкары, Термез шаарында соода павильонун ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү (павильонду жана анын келечектеги ишин тариздөө боюнча юридикалык маселелер).
Буга чейин Кыргызстандын төрт соода үйү Сеул, Эль-Кувейт, Новосибирск жана Токио шаарларында ачылган.
2026-жылдын март айында Чэнду шаарында "Кыргыз Республикасынын Соода үйүн" жана "Кыргызгаз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборун" түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилген. Бул аянтчалар жыл бою Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын тартуу жана сатууну камсыз кылат. Ошондой эле борборлор эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн платформа болот.