Саналуу күн мурда Эсептөө палатасы 2025-жылдагы аткарылган иштери туурасында Жогорку Кеңеште отчёт берди. Анда мамлекеттик мекемелер, мэрия жана айыл өкмөттөрдө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары да айтылды. “Кабар” агенттиги Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов менен коомчулукту кызыктырган суроолордун алкагында маек курду.
— Саламатсызбы Алмазбек Шаршембиевич! Жакында эле Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча расмий отчёт бердиңиздер. Парламенттин трибунасында да, коомчулукта да отчёттогу көрсөткүчтөр абдан кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк байкоочулар Эсептөө палатасы акыркы жылдары формалдуу текшерүүлөрдөн баш тартып, мамлекеттик казынанын реалдуу кирешелерин коргогон, элдин ишенимине ээ болгон органга айланганын өзгөчө белгилеп жатышат. Сөздүн башында айтсаңыз, өткөн жылдын негизги жыйынтыгы катары сиз өзүңүз эмнени белгилей аласыз?
— Саламатсызбы! Сиз айткан позитивдүү пикирлер – бул биздин жалпы жамааттын эмгегине берилген чоң баа жана келечекке болгон стимул. Өткөн жылдын башкы жыйынтыгын, биз 2022–2026-жылдарга карата стратегиялык планыбыздагы реформаларды кагаз бетинде калтырбай, иш жүзүнө толук киргизе алдык. Эң негизгиси, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү менен иштин сапатын жаңы деңгээлге көтөрдүк. Мунун конкреттүү натыйжасы катары каражаттардын туура эмес коротулушун алдын ала турган бекем каржылык тартиптин негизин түзө алганыбызды айта алам. Биздин максат – кимдир бирөөнү жөн эле таап жазалоо эмес, өкмөткө жана бюджеттик мекемелерге каржылык ачык-айкындуулукту үйрөтүү, тутумдук каталарды өз убагында оңдоо болуп саналат. Бул кадамдар казынабыздын туруктуулугун гана камсыз кылбастан, мамлекеттик ар бир тыйындын максаттуу, түз элдин кызматына жумшалышына шарт түзүүдө.
— Сандарга кайрылсак, отчёттук мезгилде 1 636 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдү аудит менен камтыпсыздар. Анын жыйынтыгында 21 млрд сомдон ашык финансылык тартип бузуулар аныкталып, анын 62,6 пайызы, тагыраагы 13,4 млрд сому дароо мамлекетке калыбына келтирилиптир. Анткени мурда мындай миллиарддаган каражаттар кагаз бетинде гана калып, казынага кайтпай калган учурлар көп болгон. Бул ири сумма өлкөбүздөгү ондогон жаңы мектептер, ооруканалар же сапаттуу жолдор деген сөз. Мындай жогорку натыйжа мурун да болуп келди беле, же сиздер каржыны кайтаруунун жаңы, натыйжалуу ыкмаларын колдоно баштадыңыздарбы?
— Ооба, бул көрсөткүч – биздин инспекторлордун гана эмес, бүтүндөй тутумдун принципиалдуу жана жаңыча иштөөсүнүн түздөн-түз натыйжасы. Буга чейин текшерүүнүн максаты жөн эле катаны таап, акт жазып кетүү менен чектелсе, азыр биз ишти уюштуруунун сапатын өзгөрттүк. Аудит объектилерине эскертүү берүү жана андан кийинки мониторинг жүргүзүү механизмин катуу тартипке салдык. Ар бир аныкталган мыйзам бузуу боюнча акча казынага накталай кайтканга чейин инспекторлордун көзөмөлүндө турат.
Бул 13,4 млрд сомдун калыбына келтирилиши бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабууга, социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткарууга жана өлкөнүн ички инфратүзүмдүк долбоорлорун каржылоого кошумча катары абдан чоң, реалдуу көмөк болду деп ойлойм. Элдик акча менен иштегендер Эсептөө палатасынан жең ичинен сүйлөшүп кутулуу мүмкүн эмес экенин, ар бир тыйын үчүн мыйзам алдында жооп берерин билишет. Бул коомдо каржылык тартипти жана жоопкерчиликти сезүүнү жаңы деңгээлге көтөрдү. Бирок биз бул жыйынтыкка эле токтолуп калбайбыз, келечекте калыбына келтирүүнүн пайызын мындан да жогорулатуу багытында ишти системалуу улантабыз.
— Эң көп талкууланган жана кубаттоого алынган маанилүү көрсөткүч — Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн иштин алкагында мамлекеттик активдердин жалпы көлөмүн дароо 61 млрд сомдон ашык суммага көбөйткөнүңүздөр болду. Мунун маңызын жана өлкө экономикасы үчүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп берсеңиз?
— Ооба, бул биздин өткөн жылдагы олуттуу аналитикалык иштерибиздин бири. Мамлекеттик сектордун консолидацияланган финансылык отчеттуулугуна талдоо жүргүзгөнүбүздө, айрым мамлекеттик ишканалардын таза активдери жалпы отчётто актив катары тийиштүү деңгээлде көрсөтүлбөй келгени аныкталган. Бул каталарды жоюу менен мамлекеттик активдердин көлөмү 61 158,5 млн сомго көбөйдү. Мунун пайдасы эмнеде? Биринчиден, мамлекеттик мүлктүн эсеби такталып, укуктук жактан бекемделди, бул аларды натыйжалуу башкарууга жол ачат. Экинчиден, мамлекеттик сектордун балансынын мындай туруктуулугу өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги финансылык рейтингине жана инвестициялык жагымдуулугуна оң таасирин тийгизет.
Кеңейтип айта турган болсок, биринчиден, жогоруда айтылгандай, мамлекеттин реалдуу байлыгы юридикалык түрдө бекитилди. Демек, мамлекеттик ишканалардын таза активдери мурда кагаз бетинде, тагыраагы мамлекеттин жалпы консолидацияланган отчётунда көрүнбөй келген. Алар иш жүзүндө бар болчу, бирок расмий баланска кирген эмес. Натыйжада мамлекеттин расмий мүлкү жана байлыгы 61 158,5 млн сомго (же 61,1 млрд сомдон ашык) көбөйдү.
Экинчиден, өлкөнүн эл аралык кредиттик рейтинги жана инвестициялык жагымдуулугу жогорулайт. Тактап айтканда, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык рейтинг агенттиктери өлкөнүн экономикалык абалына баа бергенде, мамлекеттик сектордун активи менен пассивинин балансына карашат. Мамлекеттин балансында 61 млрд сомдук активдин пайда болушу өлкөнүн каржылык туруктуулугунун көрсөткүчүн автоматтык түрдө жакшыртат. Мындай ачык-айкындуулук сырттан ири инвестицияларды тартуу жолун жеңилдетет.
Үчүнчүдөн, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жана коргоону жакшыртат. Эгерде кайсы бир мүлк же актив жалпы мамлекеттик отчётто расмий катталбаса, анда ал мүлктүн натыйжасыз пайдаланылышына, ал тургай убакыттын өтүшү менен жеке колдорго өтүп кетишине шарт түзүлөт. Эми бул активдер Финансы министрлигинин расмий көзөмөлүнө алынгандыктан, аларды башкаруу сапаты жогорулайт. Бул ишканалар мамлекетке канча пайда алып келип жатат, активдери кандай иштеп жатат — баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул мамлекеттик мүлктү уурдоодон же арзыбаган баага менчиктештирип жиберүүдөн коргой турган ишенимдүү калкан.
Төртүнчүдөн, бюджеттик пландоо жана стратегиялык чечимдерди так кабыл алына баштайт. Мамлекеттин колунда канча байлык бар экенин так билмейинче, келечекке карата узак мөөнөттүү экономикалык пландарды түзүү мүмкүн эмес. Өкмөт азыр өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн көрө алат.
— Мындан сырткары, сиздин отчётто коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурган жана зор үмүт жараткан дагы бир маанилүү жагдай бар экен. Финансылык тартип бузууга кирбеген, бирок бюджетти толтуруунун кошумча булактары, тагыраагы ички каржылык резервдери катары 93,6 млрд сомду көрсөтүпсүздөр. Бул деген сөз мамлекеттин ичинде, өзүбүздүн эле бутубуздун алдында сырттан карыз албай өнүгүүгө жете турган даяр ири потенциал жатат дегенди билдирет да. Демек, өкмөт сиздер сунуштаган ушул даяр картаны колдонуу менен, бул каражаттарды өлкөнүн чоң долбоорлоруна кошумча мобилизациялай алат турбайбы?
— Туура белгиледиңиз. Бул сумма Эсептөө палатасынын жөн гана текшерүүчү эмес, мамлекеттин башкы каржылык кеңешчиси жана эксперттик борбору катары жасаган чоң аналитикалык ишинин эң башкы жыйынтыгы. Бул 93,6 млрд сом эч кандай кылмыш же мыйзам бузуу эмес. Бул биздин эксперттердин кылдат талдоосунун негизинде табылган, бирок ушул убакка чейин ар кандай чарбалык мүчүлүштүктөрдөн же укуктук кемчиликтерден улам толук кандуу иштебей жаткан ички экономикалык булактар.
Биз министрлер кабинетине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга ушул резервдерди кантип натыйжалуу колдонуу керектиги боюнча так, негизделген сунуштамаларды бердик. Эгерде өкмөт бул кадамдарды аягына чыгарса, бюджетке кошумча миллиарддаган каражаттар кошулат. Бул каражаттар эртең өлкөбүздөгү ири ГЭСтердин курулушуна, темир жол долбоорлоруна жана өндүрүштү жандандырууга сырттан карыз сурабай, өз күчүбүз менен инвестиция салууга жол ачат. Максатыбыз – өкмөткө каржылык кемчиликтерди көрсөтүү менен бирге, өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы, ишенимдүү жолдорун сунуштоо.
— Региондордогу аудиттин жыйынтыктары да өзгөчө кызыгууну жаратып, коомчулукта абдан жылуу кабыл алынууда. Өткөн жылы 16 шаардын мэриясын жана 241 айыл өкмөтүн аудит менен камтыпсыздар. Эң кызыгы, айыл өкмөттөрүндө каржылык тартипти калыбына келтирүү көрсөткүчү 75,6% пайызды түзүп, ири шаарлардан (62,7%) кыйла алдыга чыгып кетптир. Демек, Эсептөө палатасынын региондорго жасаган кадамы жөн гана ката издеп, айып пул салуу эмес, жер-жерлерде каржылык сабаттуулукту көтөрүүгө жана айылдардын бюджетин туура багыттоого түз таасирин тийгизип жатканынан кабар беретпи?
— Региондордогу бул көрсөткүч – биздин акыркы убактагы эң маанилүү жетишкендиктерибиздин бири. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биздин жазма буйруктарды жана эскертүүлөрдү аткарууга чындап эле кыйла жоопкерчиликтүү, ачык мамиле кыла башташты. Биз азыр аймактарга барганда иштөө принцибибизди өзгөрткөнбүз: инспекторлорубуз союл көтөрүп барган текшерүүчү эмес, биринчи кезекте методологиялык жана укуктук жардам көрсөткөн кеңешчи, устат катары иштеп жатышат.
Биз жергиликтүү адистерге каржылык каталарды кантип алдын алуу керектигин, бюджеттик каражаттарды кайсы жерде туура эмес коротуп жатышканын ордунан көрсөтүп, түшүндүрүүдөбүз. Жыйынтыгында, айыл өкмөттөрүндө кетирилген мүчүлүштүктөрдү тез арада оңдоо жана каражатты бюджетке кайтаруу деңгээли байкаларлык жогорулады. Бул – айыл жергесиндеги ар бир сом максаттуу жумшалып жатканынын реалдуу көрсөткүчү. Албетте, шаар деңгээлинде да, айыл деңгээлинде да дагы эле чече турган маселелер, чарбалык кемчиликтер бар. Биз аймактарды өнүктүрүү жана каржылык тартипти толук орнотуу багытындагы бул практикабызды мындан ары дагы күчөтөбүз.
— Каржылык тартипти бузгандарга карата көрүлгөн конкреттүү чаралар тууралуу айтсак. Жалпысынан 503 жазма буйрук жөнөтүлүп, 171 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылыптыр, ал эми 14 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулган. Муну менен бирге, олуттуу мыйзам бузуулар боюнча 5,6 млрд сомдук 116 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген экен. Коомчулук бул көрсөткүчтөрдү абдан кубаттап жатат, анткени бул силердин жазган чечимдериңер кагаз бетинде калып кетпей, реалдуу күчкө ээ болуп, аткаминерлер арасында жоопкерчилик маданиятын калыптандырып жатканынын айкын далили. Бул багытта укук коргоо органдары менен биргелешкен иштер кандай жүрүүдө?
– Финансылык тартипти жана мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо – биздин өзгөрбөй турган, туруктуу багытыбыз. Биз тараптан жөнөтүлгөн ар бир жазма буйруктун аткарылышы Эсептөө палатасынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ооба, кызматтан бошотулган 14 жетекчи жана тартиптик жаза алган кызматкерлер бул каржылык тартипке олуттуу мамиле кылбагандар үчүн берилген белги.
Ал эми кылмыштын белгилери бар делген 116 оор материалды биз мыйзамдын негизинде Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ органдарына өткөрүп бердик. Учурда биз берген так далилдердин жана фактылардын негизинде 14 материал боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана сот иштери жигердүү жүрүп жатат. Эң негизгиси, укук коргоо органдары менен болгон ушул тыгыз кызматташтыктын жана ыкчам чаралардын натыйжасында гана жылдын аягына чейин мамлекеттик казынага кошумча дагы 32,1 млн сом накталай калыбына келтирилди. Бул биргелешкен иш тутумдук мүнөзгө ээ болду жана мамлекеттин каражатына кол салгандар жазасыз калбайт деген принципти иш жүзүндө далилдеп жатат.
— Заманбап технологиялар өнүккөн кылымда Эсептөө палатасынын да убакыттан артта калбай, жаңы «IT-аудит» багытын жигердүү киргизип жатканы коомчулукта абдан чоң кызыгууну жана позитивдүү пикирлерди жаратууда. Бул реформа инспекторлордун калың кагаздарды кучактап айлап отурган эски ыкмаларынан арылтып, коррупциялык тобокелдиктерди түп-тамырынан бери азайтат десек болобу? Бул санариптик кадам текшерүүлөрдүн сапатын жана ачыктыгын иш жүзүндө канчалык өзгөртө алды?
— Сиз абдан туура белгиледиңиз, санариптештирүү – бул биздин бүгүнкү күндөгү негизги реалдуулугубуз жана замандын талабы. Биз кагаз жүзүндөгү салттуу текшерүүлөрдөн заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен аралыктан аудит жүргүзүүгө толук өтүүдөбүз. Өткөн жылы биз кызматкерлерибиздин кесиптик деңгээлин эл аралык стандарттарга ылайык жогорулатып, IT-аудиттин бардык методологиялык негиздерин иштеп чыгып, бекиттик.
Бул санариптик аспаптарды колдонуунун реалдуу натыйжасы кандай болууда? Биринчиден, биз убакытты жана мамлекеттик ресурстарды бир нече эсе үнөмдөп жатабыз. Программалык камсыздоонун жардамы менен миллиондогон финансылык транзакцияларды секунданын ичинде талдап, күмөн жараткан операцияларды дароо аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Экинчиден, бул система текшерүүчү менен текшерилүүчү мекеменин ортосундагы бетме-бет жолугушууларды азайтып, адамдык факторду минималдаштырат. Адамдык фактор азайган жерде, сиз айткандай, жең ичинен сүйлөшүү тобокелдиги жоюлуп, каржылык тутумдун айкындуулугу толук камсыз кылынат. Бул – Эсептөө палатасынын ачыктыкка карай таштаган эң ишенимдүү кадамы.
— Алмазбек Шаршембиевич, санариптештирүү тууралуу сөз кылбадыкпы. Жакында Жогорку Кеңеште министрлер кабинети тарабынан демилгеленген Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор талкууланды. Долбоордо «толук электрондук аудитке өтүү жана жеринде текшерүүлөрдү (выездной аудит) дээрлик токтотуу» сунушталып жатыптыр. Коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө бул кадамга карата кооптонуулар абдан чоң. Себеби, кагаз бетинде же компьютерде «бюджет толук өздөштүрүлдү, объект даяр» деп жашыл күйүп турганы менен, инспекторлор жерине барганда тыкыр талаа же чала курулган мектептер чыгып жаткан учурлар бар да. Эсептөө палатасынын бул маселедеги принципиалдуу позициясы кандай? Санариптештирүү реалдуу көзөмөлдүн ордун толук баса алабы?
— Биз Эсептөө палатасы санариптештирүүнү жана президенттин бул багыттагы жарлыктарын толук колдойбуз жана ага биринчилерден болуп кадам таштадык. Бирок, санарип бул негизги классикалык аудитти алмаштыруучу эмес, ага көмөкчү, эффективдүү курал болушу керек. Биз сунушталган долбоордогу айрым ченемдерге каршы өз позициябызды ачык билдирдик. Эмне үчүн? Анткени эл аралык практика көрсөткөндөй, Улуу Британия же Германия сыяктуу IT-технологиясы эң жогорку деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдө да эч ким жеринде текшерүүдөн баш тарткан эмес. Компьютердеги маалыматтар – бул текшерилүүчү органдын гана берген отчёту. Эгерде биз жерине барып, курулуштун сапатын, материалдардын реалдуу баасын өз көзүбүз менен көрүп, верификация кылбасак, анда каржылык көзөмөл жөн гана монитордо кала берет. Өзгөчө региондордогу санариптик теңсиздикти, айрым айыл өкмөттөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн да эске алышыбыз керек. Санариптештирүү коррупцияны жашыра турган курал эмес, аны ачыкка чыгара турган система болушу шарт. Ошондуктан, Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун кайрадан макулдашуу үчүн убакыт берди, биз мамлекеттик кызыкчылыкты коргогон туура нукка келебиз деп ишенем.
— Дагы бир өтө сезимтал маселе – бул Эсептөө палатасынын негизги укуктук суверенитети жана көз карандысыздыгы боюнча болуп жатат. Лим жана Мексика эл аралык декларацияларына ылайык, мамлекеттик сырткы аудит органы аткаруу бийлигинен таптакыр көз карандысыз болушу керек. Ал эми сунушталган жаңы мыйзам долбоорунда аудиттин багыттарын министрлер кабинетинин көрсөтмөсү менен гана аныктоо, ал тургай Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумдарына сырттан өкүлдөрдү кошуу сыяктуу каржылык көзөмөлдүн эл аралык стандарттарына (INTOSAI) карама-каршы келген жоболор сунушталыптыр. Негизи, текшериле турган орган өзүн ким жана кантип текшеришин аныктаганы туура эмес да. Бул реформа Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгына сокку урбайбы?
— Бул маселеде биздин туруктуу жана бекем позициябыз бар: Эсептөө палатасынын укуктук, функционалдык жана уюштуруучулук көз карандысыздыгы — бул өлкөдөгү каржылык тартиптин башкы кепилдиги. Эгерде аткаруу бийлиги — б.а. бюджетти коротуучу негизги тарап — өзүн-өзү текшерүүнүн эрежелерин жана багыттарын өзү аныктай турган болсо, анда объективдүү, көз карандысыз сырткы көзөмөл жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы жаралат.
Биз эл аралык INTOSAI стандарттарынын негизги принциптерин, аудиттин эффективдүүлүк, үнөмдүүлүк жана натыйжалуулук деген фундаменталдык түшүнүктөрүн мыйзамда так сактап калышыбыз керек. Ошондой эле, аудиттин жыйынтыктоочу отчётторун өзгөртүү же ага таасир этүү укугу эч кандай сырткы күчтөргө берилбеши шарт, бул инспекторлордун жеке жоопкерчилигин азайтып жиберет. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул коркунучтарды туура түшүнүп, мыйзам долбоорун макулдашууга мөөнөт берди. Биз Юстиция министрлиги жана өкмөт менен биргеликте иштеп, мыйзамдын эл аралык нормаларга шайкеш келишин жана Эсептөө палатасынын толук көз карандысыз орган катары калышын камсыз кылабыз. Бул биздин эмес, мамлекеттин туруктуулугу үчүн керек.
– Алдыда сиздердин 5 жылдык ири стратегиялык өнүгүү планыңыздардын жыйынтыктоочу жана эң жооптуу жылы турат. Коомчулук Эсептөө палатасынын акыркы жылдардагы ачыктыкка, санариптештирүүгө жана өз алдынчалыкты сактоого багытталган кадамдарын абдан жогору баалап жатат. Сиздердин эл аралык коомчулуктун алдында ачык болуудан коркпогонуңуздар өлкөнүн каржылык тутумуна болгон ишенимди арттырууда. Бул чоң жолдогу келечекте дагы кандай стратегиялык кадамдар пландалууда?
– Ооба, 2026-жыл биз үчүн жөн гана кезектеги жыл эмес, бул беш жылдык чоң реформаларыбыздын сапатын жана натыйжалуулугун таразалай турган өзгөчө мезгил. Жылдын аягында биз Эл аралык түзүмдүн (SAI PMF) методологиясынын алкагында Эсептөө палатасынын бүтүндөй ишмердүүлүгүнө көз карандысыз баа берүү процессин баштайбыз. Бул — дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер тарабынан бериле турган толук объективдүү жана ачык баа болот. Биз өз кемчиликтерибизди же ийгиликтерибизди жашырбай, эл аралык коомчулуктун жана өз элибиздин алдында чоң экзамен тапшырганы жатабыз.
Бул сырткы аудиттин жыйынтыгы бизге эмне берет? Биринчиден, биз өзүбүздүн кайсы багытыбыз туура, кайсы жерде аракетибизди күчөтүшүбүз керектигин так көрөбүз. Экинчиден, ушул талдоонун негизинде кийинки беш жылдыкка карата өлкөнүн өзгөрүп жаткан экономикалык талаптарына жооп бере турган жаңы заманбап өнүгүү стратегиябызды иштеп чыгабыз. Бирок биздин башкы максатыбыз жана урааныбыз эч качан өзгөрбөйт: мамлекеттик казынадагы каржылык тартипти темирдей катуу сактоо, ар бир сомдун туура жумшалышын көзөмөлдөө жана муну менен Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө реалдуу, ишенимдүү көмөк көрсөтүү. Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы биз үчүн ар дайым эң жогорку орунда турат.
Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар" маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева