Футбол – 2026: “Укмуш ТВ” менен бирге Өзбекстанды колдойбуз

Бизнес Загрузка... 16 Июнь 2026 15:05
2560_1440_PR_KG.png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Борбор азиялыктар үчүн 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзгөчө окуя болду. Тарыхта биринчи жолу планетанын башкы футбол мелдешине Өзбекстан курама командасы чыкты. Бул өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн чыныгы жетишкендик.

Кыргызстан менен Өзбекстанды жалпы чек ара гана байланыштырбайт. Бизди коңшулук мамилелер, окшош салттар, маданий байланыштар жана бири-бирибизди терең урматтоо бириктирип турат. Бул спортто өзгөчө байкалат. 2024-жылы жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкерге өзбекстандык машыктыруучунун жардамы, ошондой эле борбор азиялык спортчулар менен күйөрмандардын өз ара колдоосу элдердин достугунун чыныгы символу болуп калган.

Дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычында Өзбекстандын курама командасы К тайпасында Колумбия, Португалия жана Конго командалары менен ойнойт. Өзбекстан үчүн бул тарыхый учур жана дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Региондогу күйөрмандар үчүн боордош өлкөнү колдоого жана Борбор Азия элдеринин биримдигин көрсөтүүгө негиз болот.

Beeline Кыргызстан улуттук мобилдик оператору көрүүчүлөрдү Өзбекстандын курама командасын чогуу колдоого чакырат. “Kyrgyz Sport TV (FIFA 2026)” түз эфириндеги беттештерди Beeline`дан “Укмуш ТВ” колдонмосунан көрүңүздөр:

  • 18-июнда Кыргызстан убактысы боюнча саат 08:00дө Өзбекстан командасы Колумбия курама командасына каршы алгачкы беттешин өткөрөт
  • 23-июнда саат 23:00дө Өзбекстан Португалия менен беттешет
  • 28-июнда саат 05:30да тайпалык баскыч Конго ДР — Өзбекстан беттеши менен аяктайт

2026-жылдын бардык беттешүүлөрү сизди “Укмуш ТВда” күтөт. Каалаган жерде жана каалаган түзмөктө көрүүдөн ырахат алыңыз: смартфон, планшет, ноутбук же Smart-TV.

Кызматты колдонууну баштоо абдан жөнөкөй:

  1. “Укмуш ТВны” App Store же Google Play` ден жүктөп алыңыз.
  2. Колдонмону ачып, +996 форматында Beeline номери боюнча кириңиз.
  3. SMS аркылуу кирүү кодун ырастаңыз.

ТВ-каналдардын топтомдорун “Мой Beeline” мобилдик колдонмосунда, *727*1# буйрутмасынын жардамы менен же түздөн-түз “Укмуш ТВ” тиркемесинде кошууга болот. Жазылуунун баасы-суткасына болгону 3 сомдон башталат. Колдонмонун жаңы колдонуучулары үчүн алгачкы 7 күн белекке берилет.

Эгер “Укмуш ТВ” сиздин тарифке кирсе (Чексиздик Pro Max, Укмуш AI ж.б.) — сервисти “Мой Beeline” тиркемесиндеги өз тарифиңиздин бөлүмүнөн активдештирип, 50гө чейин телеканалды жана Дүйнөлүк чемпионатты түз эфирде акысыз көрүңүз.

Beeline`дан “Укмуш ТВ” менен чоң футбол дайыма жаныңда. 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында кошуналардын легендарлуу дебютун өткөрүп жибербеңиз. Алга, Өзбекстан!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

“Укмуш ТВ” кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент “Стрим Плюс” ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы).

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.