Биздин жумуш күнү-түнү элге кызмат кылуу: Министр Бакыт Сыдыков менен маек

Маек Загрузка... 03 Июнь 2026 13:40
WhatsApp_Image_2026-06-02_at_17.53.05_1.width-800.jpg

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эксклюзивдүү маегинде ведомствонун тынымсыз иш ыргагы, өлкөдөгү экономикалык өсүштүн рекорддук темпи жана бизнес үчүн бюрократияны кыскартууга багытталган ири реформалар тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтагы муундардын айкалышы боюнча жеке көз карашы менен бөлүшүп, жумуштан тышкаркы жашоосунда кайсы жеке гештальтты ишке ашырууну кыялданарын ачыктады.

— Биздин студияга келип, кандай иш алып барып жатканыңыз тууралуу айтып берүүгө убакыт тапканыңыз үчүн рахмат. Убакыт таап деп атайын баса белгилегенимдин себеби бар. Анткени, менин колумда сиздин иш графигиңиз бар жана анда абдан көп иш-чаралар пландалганын байкадым. Айтсаңыз, күн сайын ушундай тыгыз график менен иштейсизби?

Жалпысынан алганда, ар бир күн тыгыз график менен жана чыңалуу менен өтөт. Айырмасы күндүн кандай маселелер менен өтө тургандыгында гана. Ал эми графиктин тыгыздыгы мен үчүн кадимки эле көрүнүш. Мен кеңсеге эртең мененки саат 8:15те келем, ал эми кечинде саат 22:00дөрдүн тегерегинде кетүүгө туура келет. Мындай темп мага адаттан тыш сезилбейт, кадимки эле стандарттуу иш ыргагы болуп калган.

Бүгүнкү күн мен үчүн жаңы тажрыйба болду, баарлашуунун мындай форматына аралашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүн чынында эле иш күнүм абдан тыгыз өттү, анткени таңкы саат 4:30да аэропорттон Бишкекке учуп келдим. Үйгө барып убакыт коротпош үчүн чемоданым менен түз эле жумушка келдим. Жуунуп, кофе ичип алгандан кийин баары жайына түшүп, кадимкидей сергип калдым.

— Министрдин ушунчалык көп иш менен алек болуп, түз айтканда, жуунганга убактысы араң табылышын кыргыз экономикасынын азыркы жашоо формасы деп мүнөздөсөк болобу?

Менимче, бул көбүнчө мамлекеттик органдардын жетекчилерине мүнөздүү көрүнүш. Бул жалгыз Экономика министрине же анын орун басарларына гана тиешелүү эмес. Ушундай эле тыгыз график саламаттык сактоо, агартуу министрлеринде жана башка жетекчилерде да бар. Биздин иш суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою тынымсыз кызмат өтөө.

— Сиз мамлекеттик кызматкердин милдети элге кызмат кылуу деп жатасыз. Бирок өзүңүз дайыма эле министрдин амплуасында болосузбу же кадимки эле жөнөкөй адам бойдон каласызбы?

Мен ичимден жөнөкөй адам бойдон калганга абдан аракет кылам жана буга мүмкүн болушунча көбүрөк орун бергим келет. Мисалы, жумушка расмий костюм менен эмес, ыңгайлуу кийим — жынсы шым жана футболка менен келем. Министрликке келгенде гана кийимимди алмаштырам, андан соң иш процесси башталат. Иш күнү аяктаганда кайрадан ыңгайлуу кийимдериме өтөм. Бул мен үчүн өзүнчө бир психологиялык сергүү (мээни эс алдыруу) сыяктуу.

Кийим алмаштырганда өзүңдү кайрадан кадимки адам, коомдун бир бөлүгү катары сезе баштайсың. Бул жагымдуу сезим, анткени жумуштан тышкаркы убакта жүрүм-турумуңа кошумча, балким, өзүң ойлоп тапкан жасалма чектөөлөрдү жүктөбөйсүң. Жөн гана кадимки адамга айланасың.

WhatsApp_Image_2026-06-02_at_17.53.05_2.width-800.jpg

— Анда кырдаалга бир эле учурда министрдин да, жөнөкөй адамдын да көз карашы менен карап көрөлү. Элестетиңиз, сиз чыгармачыл инсан, жазуучусуз жана сиздин алдыңызда Кыргызстандын экономикасынын портретин тартуу милдети турат. Аны кантип сүрөттөп берет элеңиз?

Сүрөт же картина деген белгилүү бир көз ирмемди, бир гана учурду каттап калуу эмеспи. Экономика болсо абдан динамикалуу, ал бир орунда турбайт. Ошондуктан аны ар кандай тарыхый этаптарда ар башкача сүрөттөөгө туура келет.

Эгер азыркы экономиканы мүнөздөй турган болсок, Кыргызстанга мүнөздүү фундаменталдуу, өзгөрбөс касиеттер бар. Биринчиси, албетте экономиканын ачыктыгы. Биздин экономиканы дөбөдөгү кичинекей үйгө салыштырса болот, үйдүн ичиндеги температура сырттагы аба ырайына түздөн-түз байланыштуу болот. Бул чакан жана ачык экономикаларга мүнөздүү башкы касиет, ал эми биз дал ошондой экономикабыз.

Экинчиден, экономикабыздын өзгөрбөс мүнөзү биздин экономикалык субъекттердин, айрыкча ишкерлерибиздин чечкиндүүлүгү, кээде атүгүл тобокелге салган баатырдыгы. Биздин орто бизнес өкүлдөрү креативдүү, тапкыч жана тайманбас келишет. Биз муну коңшуларыбыз менен бир нече жолу талкуулаганбыз, бул жалгыз менин эле баам эмес, сырттан байкоо салгандардын да пикири. Алар: "Силердин ишкерлер кээде чоң каржылык жана экономикалык чыгым коркунучтарына карабай тобокелдикке барышат, бирок чечкиндүүлүгү, ыкчамдыгы жана шартка тез ыңгайлаша билүүсү аркылуу көп учурда ийгиликке жетишишет", — дешет.

Бул жердеги негизги кыймылдаткыч фактор кайра эле биздин масштабыбыз. Себеби биз, бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, ири табигый ресурстарга (мунай, газ ж.б.) бай эмеспиз. Бул жагдай бизди жалаң гана өзүбүзгө, өз жөндөмүбүзгө, аракетибизге жана активдүүлүгүбүзгө таянууга мажбур кылат.

Азыркы учурда экономика кыйла динамикалуу өсүштү баштан кечирүүдө, биз ушуну менен төртүнчү жыл катары менен эки орундуу көрсөткүчтөрдү каттап жатабыз. 2022-жылдан бери экономика орточо эсеп менен 10,1% темпте өсүп келсе, 2026-жылдын алгачкы төрт айында биз 12%дык өсүштү каттадык. Албетте, бул өзүнчө чоң чакырыктарды жана сыноолорду жаратат.

Тоого канчалык бийик көтөрүлгөн сайын, ошол эле ылдамдыкты сактап алдыга жылуу ошончолук кыйындайт. Биз муну абдан жакшы түшүнөбүз, ошондуктан чакан жана орто ишкерликке чоң басым жасап жатабыз. Чакан жана орто ишкерлик экономикабыздын ишенимдүү тиреги, ал туруктуу көпчүлүктү түзүшү керек.

Муну менен катар, албетте, артыкчылыктуу тармактарда ири инвестициялык долбоорлор да ишке ашырылууда: аймактык чоң өзгөрүүлөрдү алып келе турган Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана "Ала-Тоо Резорт" комплекси. Булар экономиканы алдыга сүйрөөчү локомотив-долбоорлор, мындан сырткары дагы толгон-токой иштер бар. Биз, экономисттер, өз ара бул демилгелерибизди реиндустриализация, тактап айтканда, өлкөнүн өнөр жай тармагын кайра жандандыруу деп атайбыз. Бизде "Жыл сайын 100 ишкана" программасы иштейт. 2024-жылдан бери башталган бул программа ушуну менен үчүнчү жыл катары менен ийгиликтүү ишке ашууда. Биз жеке секторго ишеним артабыз, ал эми Экономика министрлигинин жана жалпы өкмөттүн ролу алар үчүн шарт түзүп берүү. Мына ушундай сүрөт жакшы, үмүт берүүчү келечеги бар, бирок ошол эле учурда тобокелдиктери да жок эмес.

— Экономика жана коммерция министрлигинин ишин башка ведомстволор менен салыштырсак... Мисалы, Ички иштер министрлигинде резонанс жараткан кылмыш болсо кылмышкерлерди бат эле кармашат да, эл жыйынтыкты дароо көрөт. Ал эми экономикада мындай процесстер көп убакытка созулат, эң аз дегенде бир нече ай талап кылынат. Жумушуңуздун жыйынтыгы кечигип көрүнөрү сизге психологиялык жактан басым жасабайбы?

Ачыгын айтканда, карьерамдын алгачкы этаптарында бул нерсе басым жасабаса да, ушундай салыштыруулар оюма келчү. Мен өзүм дарыгерлердин уулумун, ал эми дарыгерде да ушуга окшош көрүнүш бар. Бейтап жатат, сен тиешелүү процедураларды жасап, дары бересиң, эртеси күнү анын бутуна туруп калганын көрөсүң. Ошол бейтап сага ыраазы болот. Мамлекеттик кызматта мындай болбойт. Биринчиден, сен жөн гана өз ишиңди аткарасың, кандайдыр бир ыраазычылыкты же өзгөчө таанылууну күтүүнүн кереги жок. Экинчиден, өзүңүз туура белгилегендей, дароо көрүнгөн түз жыйынтык жок.

Айрыкча Экономика министрлигинде биз эрежелерди жазабыз, мыйзамдарды кабыл алабыз, саясаттарды жана программаларды иштеп чыгабыз. Ооба, алардын таасири кийинчерек билинет. Биз үчүн эң чоң канааттануу акырында жакшы экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүн көргөн учур. Ошондо гана бул жерде туура божомолдоонун жана эң негизгиси, ишке ашкан иш-чаралардын салымы бар экенин түшүнөбүз.

Түз маанисинде алганда, Экономика министрлиги өзү барып миллиард долларлык 100 кабаттуу имарат куруп койбойт. Бирок башка маанилүү реформаларды кыла аласың. Мисалы, мурда өлкөдө 905 уруксат берүүчү документ жана сертификат бар эле. Биз бул маселени карап чыгып, регулятордук гильотина ыкмасын колдонуп, алардын санын 439га чейин кыскарттык. Кийинки этап аны 250гө чейин жеткирүү. Муну менен биз бизнеске жеңилдик жаратып, ишкерлердин убактысын үнөмдөп, аларды ашыкча маалымкаттардан арылтып жатабыз. Иштесең эмгегиңдин ички жыйынтыгын көрөсүң. Бул учурда биздин жумуш жеке эмес, командалык иш экенин түшүнүү керек. Командада ар кимдин өз ролу бар. Биз экономикалык өсүш же ийгиликтер жөнүндө айтканда, мунун артында дайыма ар кандай милдеттерди аткарган чоң команда турат, ал эми биз анын бир гана бөлүгүбүз.

WhatsApp_Image_2026_W7VPmmk.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

— Бакыт Төлөмүшович, айтсаңыз, министрлик кызмат сиз үчүн "ар бир жоокер генерал болууну кыялданат" деген принциптин ишке ашышыбы же жөн гана жагдайлардын дал келишиби?

Бул боюнча министрликтин ички чөйрөсүнөн кызыктуу бир окуяны айтып берейин. Мен 2000-жылдары Финансы министрлигинде иштеп жүргөндө, бизде жума сайын аппараттык кеңешмелер өтүп турчу. Жетекчилик чогулуп, пландар түзүлүп, жыйынтыктар талкууланчу. Ошондогу министрибиз, абдан акылдуу жана мыкты адам, кызматкерлерге дем-күч берүү үчүн мындай окуяны айткан эле: "Министрликтеги ар бир адис бөлүм башчы болууну кыялданышы керек. Ар бир бөлүм башчы башкармалыктын башчысы болууну кыялданышы керек. Ар бир башкармалыктын башчысы министрдин орун басарынын креслосун каалашы керек. Ал эми министрдин ар бир орун басары министр болууну каалашы керек... бирок башка министрликте",- деп айтканы бар. Бул бир чети чындык, бир чети тамаша.

Менин мисалымда сыягы, бир нече факторлордун айкалышы болду. Бул кызматка дайындалганга чейин менин мамлекеттик кызматтагы стажым 22 жылга жакын болчу. Сиз айткандай, мен карьерамды стажёрлуктан баштагам. Магистратурада окуп жүргөндө мага стажировка сунушташты. Кызыктуу болду, бул мени өзүнө тартып кетти жана жыйынтыгында ушул чөйрөдө алып калды. Ал кезде көбү жеке секторго кетип, ал жакта чоң ийгиликтерге жетишти, ал эми мен өмүр бою мамлекеттик кызматтын орбитасында болдум.

Сурооңузга кайрылсам, ооба, жагдайлардын дал келишин четке кагууга болбойт. Бирок умтулуу да, карьералык ийгиликке жетүүгө болгон каалоо да бар эле. Менин апам жогорку квалификациядагы хирург, өз ишинин мыкты адиси. Ал өз кесибин абдан жакшы көрчү, азыр болсо практикалык иш алып барбайт. Карьерасында кандайдыр бир "генералдык" бийиктиктерге умтулган жок, анткени жумушту үй-бүлө, балдар жана жолдошу менен айкалыштыруу керек болчу.

Атам болсо окутуучу. Анын илимий даражалары жана профессордук наамы бар, бирок анда да кандайдыр бир кызматтык чоң амбициялар болгон эмес. Балким, мага жол ачылды, бирок ошол эле учурда мен өзүм да дайыма алдыга умтулдум.

Айтмакчы, азыркы министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн өмүр жолу меникине абдан окшош. Башкача айтканда, бул жерде тукум куучулук, династия же тагдыр алдын ала чечип койгон факторлор дээрлик жок. Бизде мындай көрүнүш чанда гана кездешет.

— Бир жарым жылдан бери бул кызматтасыз. Ушул убакыт аралыгында эмне өзгөрдү? Эмнелер менен сыймыктанасыз, ал эми кайсы жерден мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибердим деп ойлойсуз?

Кандай гана угулбасын, мен командалык адаммын. Мамлекеттик бийлик тутумунда иш дайыма жамааттык түрдө курулат. Бул жагынан алганда, экономикалык ведомствонун жетекчиси катары өзүмдүн башкы ийгилигим деп белгиленген темпти кармап кала алганымды эсептейм. Буга чейин башталган жана аягына чыгарууну талап кылган иштерди бузуп албай, улантып кетүүгө кудуретим жетти.

Жөнөкөй мисал келтирейин, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы. Ал жөн гана чыгармачыл форматтагы текст болгон эмес. Терең изилдөөлөр жүргүзүлүп, түз эле жер-жерлерден маалыматтар чогултулган. Стратегия мурда жасалган иштердин жыйынтыгы жана улантууну талап кылган багыттардын негизги маңызы болуп калды. Биз бул стратегияны дал ушундай ыкма менен жаздык, азыркы жетишкендиктерге бекем таянып, ийгиликтүү багыттарды өнүктүрүүнү, өркүндөтүүнү жана эч качан жакшы башталган иштерди бузбоону каалаганбыз.

— Акыркы жылдары мамлекеттик кызматка жаш кадрлар келиши керек деген талаш-тартыштар тынымсыз жүрүп келет. Экинчи жагынан, чоң тажрыйбасы бар улуу муундагы адамдар бар. Булардын ортосундагы алтын ортолукту таба алабызбы?

Алар сөзсүз бирге болушу керек. Жаштар тажрыйбалуу кесиптештеринен үйрөнүү үчүн аларга бекем карманышы зарыл, ал эми тажрыйбалуулар өздөрүн сергек кармоо үчүн жаштардан энергия алышы керек. Муну менен бирге улуу муундун тажрыйбасын баалабай коюу мүмкүн эмес.

Мен бул маселеге инклюзивдүүлүк көз карашы менен карайм. Эмнеге биз инклюзивдүүлүк жөнүндө сөз кылганда физикалык мүмкүнчүлүктөрдү же гендерди эстейбиз да, жаш куракты унутуп коёбуз? Инклюзивдүүлүк куракты да камтышы керек. Биздин министрликте иштөөгө каалоосу жана салым кошууга даярдыгы бар улуу кадрларды сактап калууга аракет кылабыз. Эмне үчүн алар пенсия курагына жеткени үчүн эле кетиши керек? Бирок ошол эле учурда биз жаштарды да жигердүү жумушка алып жатабыз. Айтор, бизде алар бири-бирине тоскоолдук кылган же бири-биринин нанын тартып алган учурлар жок. Бул жагынан алганда гармония түзүү толук мүмкүн, курак — тоскоолдук эмес.

— Жөнөкөй адам катары сизде бүтпөй калган бир ишиңиз же ички кыялыңыз барбы? Балким, кино көрүүгө, китеп окууга же достор менен жолугушууга убактыңыз жетпей жаткандыр?

Мен ар дайым математиканы жакшы көрчүмүн. Бирок аны негизги кесибимди коштогон предмет катары гана окууга туура келген. Ал эми мен аны тереңирек өздөштүргүм келет. Азыр да ушул багытта аракет кылып жатам, конспекттерим бар.

Математиканы техникалык жактан эмес, философиялык жана интуитивдик көз караш менен түшүнгүм келет. Бир нече жакшы китептерди да сатып алдым, бирок азырынча чаң басып жатат. Аларга көз салып, "убакыт табыш керек эле" деп коём. Кыскасы, ушул жеке гештальтты жапкым келет.

— Үй-бүлөгө убакыт калабы?

— Үй-бүлөм менин графигиме түшүнүү менен мамиле кылат. Бул жерде жетекчилердин биринин тамашасы эске түшөт: "Урматтуу кесиптештер, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эскертип коёюн, бизде 8 сааттык иш күнү бар. Бул эмнени билдирет? Жумуш күнүбүз таңкы саат 8де башталып, кечки саат 8ден эрте бүтпөйт. Мына ушул 8 сааттык иш", — деген эле.

Дем берип, шыктандырган нерсе жөн эле иштеп жаткан жоксуң, эмгегиңдин реалдуу жыйынтыгын көрөсүң. Экономикалык өсүш көрсөткүчтөргө абдан жакшы таасир этти, бул болсо бизге күч-кубат берет. Ошондуктан жакындарым баарын түшүнүп, дайыма колдоп турушат.