Испаниянын жеңиши жана жаңы рекорддор: “Укмуш TV” дүйнө чемпионатынын финалын көргөздү

Бизнес Загрузка... 20 Июль 2026 15:44
итоги-1920х1080-кг.png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Бир айдан ашык убакыттан бери планетанын башкы турнири күтүүсүз жыйынтыктар, ачылыштар жана жетишкендиктер менен таң калтырды. Beeline улуттук мобилдик оператору Кыргызстандагы күйөрмандар үчүн футбол окуяларынын өнүгүшүн «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу смартфондорунан же башка түзмөктөрүнөн көрүүнү камсыз кылды.

ДЧ-2026нын эң жаркын окуяларынын бири үчүнчү орун үчүн болгон беттеш болду. Англия Францияны 6:4 эсебинде утуп, 1966-жылдан бери биринчи жолу эң мыкты үч команданын катарына кирди. Ошол эле учурда, бул оюн дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп гол киргизилген беттештердин катарына кошулду.

Жеңилүү француз футболчусу Килиан Мбаппеге тарыхый жетишкендикке жетүүгө тоскоол болгон жок. Англия менен болгон беттеште киргизген эки голу анын дүйнө чемпионаттарында киргизген жалпы голдорунун санын 22ге жеткирди – бул жаңы рекорд.

ДЧ-2026да Мбаппе 10 гол киргизип, мыкты бомбардир катары «Алтын бутсаны» алды. Аргентина менен Испаниянын финалындагы беттеши тактикалык футболду сүйүүчүлөрдүн күткөнүн актады. Аргентина турнирдин эң техникалуу командаларынын бирин көпкө чейин кармап турду, негизги убакыт голсуз аяктады. Чечүүчү учур 106-мүнөттө болду: алмашууга чыккан Ферран Торрес жеңиш голун киргизди. 1:0 эсебинде Испания финалда жеңип, экинчи жолу чемпион болду – испаниялык курама команда биринчи Дүйнө кубогун 2010-жылы уткан.

Испаниялыктар башкы трофейди гана эмес, турнирдин үч негизги жеке сыйлыгын да алышты. Испаниялык жарым коргоочу Родри ДЧ-2026нын мыкты оюнчусу катары «Алтын топту», дарбазачы Унаи Симон мыкты дарбазачы катары «Алтын кол капты» алды, ал эми коргоочу Пау Кубарси чемпионаттын мыкты жаш оюнчусу деп табылды.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун акыркы ышкырыгы жаңырып, «Укмуш ТВ» көрүүчүлөрдү кызыктуу контент менен кубандырууну улантууда. App Store же Google Play'ден тиркемени жүктөп алып, үй-бүлөңүз менен каалаган убакта, каалаган жерде – смартфондордо, планшеттерде, компьютерлерде жана Smart TV'да телеканалдарды, тасмаларды жана сериалдарды көрүңүз.

«Укмуш ТВ» менен бирге болуңуз: алдыда көрүүчүлөрдү кайрадан экран алдына чогулта турган көптөгөн кызыктуу окуялар бар.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

«Укмуш ТВ» кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент «Стрим Плюс» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы).

КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.