Ишкерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштады

Экономика Загрузка... 20 Июль 2026 17:20
1050869586_0_0_3068_9KN9Kk7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК тарабынан "Кыргызстандын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор аймактарда социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкерлерди жеңилдетилген каржылоо менен камсыз кылууга багытталган.

"Долбоордун алкагында туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, иштетүү жана сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга жана стартап-идеялары бар талапкерлерге каржылоо берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бюджеттик кредиттөө төмөнкү жеңилдетилген шарттарда берилет: жылдык пайыздык чен – 2%, кредиттин суммасы – 20 млн сомго чейин, мөөнөтү – 10 жылга чейин, негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт – 12 айга чейин.

Долбоорду ишке ашыруу аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүгө, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоого, инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого багытталган.

Белгилей кетсек, долбоор боюнча кеңири маалыматты "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКтын info@gosfinholding.kg расмий сайтынан алууга болот.