Кыргызстан-Өзбекстан: Чек арадан экономикалык өнөктөштүккө карай

Экономика Загрузка... 20 Июль 2026 18:20
6a3a4accb6efa-thumb.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесинин толук чечилиши эки өлкөнүн тарыхындагы эң маанилүү саясий жетишкендиктердин бири болуп калды. Бул кадам узак жылдар бою чечилбей келген маселеге чекит коюп, аймакта туруктуулук менен коопсуздукту бекемдеди. Мындан тышкары, чек аранын такталышы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарып, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыктын ыкчам өнүгүшүнө кеңири жол ачты.

Чек ара маселесинин чечилиши: тарыхый жетишкендик

Жалпы 1 378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы 2017-жылга чейин такталды. Ал эми калган эң талаштуу бөлүгү президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин чечилди. Тактап айтсак, 2021-жылдын март айындагы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңеш 2022-жылдын ноябрь айында кабыл алып, 2023-жылдын январь айында Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ратификациялоо грамоталарын алмашышкан. Кыргыз-өзбек чек арасынын такталышы эки өлкөдө тең жакшы кабыл алынып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүүсүнө жол ачты. Чектеш жашап, тарыхый жактан тыгыз байланышта болгон кыргыз жана өзбек элдери үчүн чек ара маселесинин чечилишин тарыхый жетишкендик жана достуктун бекем кепилдиги катары баалоого болот.

Биздин мамлекет башчылардын саясий эрки болбогондо бул маселе чечилбей турганын Өзбекстандагы Прогрессивдүү реформалар борборунун директору Миршохид Асланов “Президент” документалдык тасмасында билдирген.

“Мен биздин мамлекет башчылардын саясий эрки болбогондо бул маселе чечилбей турганын ишенимдүү айта алам. Мурда да маселеге жакындаганга аракеттер болгон бирок, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам талкуулаганга, сүйлөшүүлөрдү баштаганга мүмкүн болбой келген. Ошондуктан биздин лидерлердин бекем саясий эрки, аларга болгон элдин ишеними бул маселени биротоло чечкенге жол ачты. Бул чечимди региондогу кызматташуунун, тынчтыктын жана туруктуулуктун үлгүсү катары көрсөтө алышты. Ошондой эле Борбор Азиянын дүйнөдөгү ролун ого бетер арттырды. Азыркы учурда биз дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кандай кагылышуу, чыр-чатактар, согуштар дал ушул чек аранын айынан чыгып жатканын көрүүдөбүз. Ушул пландан алганда Борбор Азия, биздин регион бүтүндөй дүйнө коомчулугуна үлгү болуп жатат”, - деди Асланов.

Кыргызстан-Өзбекстан: эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү

Чек ара маселесинин чечилиши менен саясий дипломатиялык мамилелер жөнгө салынып, соода-экономикалык кызматташтык жылдан-жылга өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Экономика жана коммерция министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1,3 млрд доллардан ашкан. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 19 пайызга жогорулаган. Мында экспорт да, импорт да көбөйгөн.

Чек ара маселесинин толук чечилиши эки өлкөнүн мамилесиндеги эң негизги тоскоолдукту алып салып, бул саясий гана эмес, түздөн-түз экономикалык натыйжа берген чечим болгондугун экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине билдирди.

"Биринчиден эки өлкөнүн ортосундагы өткөрүү пункттары толук кандуу, айрымдары 24/7 режимине иштей баштады. Бул чек ара соодасын, жүк ташууну жана ишкерлердин байланышын кыйла жеңилдетти. Экинчиден ишеним факторун белгилөө керек, инвесторлор үчүн чечилбеген чек ара - тобокелдик, ал эми такталган чек ара - узак мөөнөттүү долбоорлорго жол. Натыйжада 2021–2025-жылдары эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү эки эсеге өстү: экспорт 2,3 эсеге, импорт 1,9 эсеге көбөйдү. 2025-жылы Өзбекстандын Кыргызстандын жалпы соодасындагы үлүшү 6,3%ды, ал эми экспортто 14,2%ды түздү. Бул динамика чек ара маселеси чечилгенден кийинки саясий жагымдуу абалдын түз экономикалык натыйжасы деп айтууга толук негиз бар”,- деди ал.

Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь-май айларына карата маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

- Соода жүгүртүү - 440 812,7 миң доллар (жалпы соода жүгүртүүнүн 7,0% түзөт).

- Экспорт - 104 329,1 миң доллар (жалпы экспорттун 12,3% түзөт).

- Импорт - 336 483,6 миң доллар (жалпы импорттун 6,2% түзөт).

Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон негизги товарлар: таш көмүр, баалуу металлдардын концентраттары, кант, жеңил автомобилдер, тирүү бодо мал, жуучу жана тазалоочу каражаттар, иштетилген курулуш таштары, картошка жана башкалар.

Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга импорттолгон негизги товарлар: айыл чарбасы жана бакча үчүн жабдуулар, цемент, таттуу жана минералдык суусундуктар, азот жер семирткичтери, автоунаа чанагы, кара металлдан жасалган ширетилген түтүктөр жана профилдер, трикотаж кездемелери жана башкалар.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев соода жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 2 млрд долларга жеткирүү максаты коюлганын маалымдаган.

Экономист Кубан Чороев 2 млрд долларга жетүү реалдуу максат, бирок төмөнкү багыттардын эсебинен камсыздаларын белгиледи.

“Инфраструктура багытында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи, Чаткал ГЭСи сыяктуу ири биргелешкен долбоорлор — булар соода үчүн жаңы артериялар. Темир жол долбоору аймактын транспорттук картасын өзгөртүп, транзиттик агымдарды жана ага байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтөт. Энергетика багытында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун үстүндө иш жүрүп жатат — келечекте электр энергиясынын соодасы товар жүгүртүүнүн олуттуу компоненти болот. Өнөр жай кооперациясын алсак, чийки зат соодасынан биргелешкен өндүрүшкө өтүү — текстиль, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдары боюнча биргелешкен ишканалар кошумча наркты эки тарапта тең калтырат. Логистика жана чек ара соодасы боюнча өткөрүү пункттарынын дараметин кеңейтүү, чек ара соода зоналары жана санариптик бажы жол-жоболору соода чыгымдарын азайтат. Учурдагы жылдык 15–20% өсүш темпи сакталса, 2030-жылга чейин 2 млрд долларга жетүү толук мүмкүн”,- деди эксперт.

Биргелешкен долбоорлор жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

Кыргызстанга Өзбекстандан келген инвестициялар да жылдан-жылга көбөйүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматында өлкөгө Өзбекстандан келген түз инвестициялардын көлөмү да туруктуу жогорулоодо. Мисалы, 2020-жылы 24 840,9 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция келсе, бул көрсөткүч 2023-жылы 91 878,5 миң АКШ долларына жеткен. Ал эми 2025-жылы инвестициялык агым 217 155 миң АКШ долларын түзгөн.

Андан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жарыяланган уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзөт. Келечекте 200 млн АКШ долларына жеткирүү каралган. Фонд тарабынан жалпы наркы $100,5 млн түзгөн төмөнкү багыттарда 37 долбоор жактырылган. Ал текстиль өнөр жайы, энергетика, транспорт, логистика, шаарлардын жана айылдардын инфраструктурасын оңдоо жана өнөр жай жана логистикалык борборлорду куруу болуп саналат.

Мында, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүргүзүү $40 миллионго көбөйүп, 748 жумуш оруну түзүлгөн. Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык базасын модернизациялоо долбоору боюнча фонд тарабынан муниципалитеттер үчүн 219 даана техника алынган. Андан тышкары, текстиль өнөр жайы боюнча Кара-Балта шаарында синтетикалык материалдардан трикотаж кездемелерин чыгаруу үчүн жабдууларды, пахта жибин жана кездемелерин сатып алуу каралган. Андан тышкары, энергетика тармагы боюнча Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 6,7 МВт чакан ГЭСти куруу жактырылган. Транспорт жана логистика багытында автоунаа паркын модернизациялоо максатында жеке сектор үчүн 148 даана атайын техникаларды лизингге берүү долбоору ишке ашууда.

Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү бүгүнкү күндө аймактагы туруктуулуктун, өз ара ишенимдин жана ийгиликтүү экономикалык интеграциянын жаркын үлгүсү болуп калды.