Дүйнөдө күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) кымбатташынан кийин эксперттер бул фактордун экономиканын түрдүү тармактарына тийгизе турган ыктымал таасири тууралуу айта башташты. Күйүүчү майдын баасынын өсүшү, адатта, транспорттук чыгымдарга чагылдырылып, убакыттын өтүшү менен бир катар товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Муну менен катар, КММдин кымбатташы Кыргызстандын унаа рыногуна да таасирин тийгизиши мүмкүнбү деген суроо жаралууда: жаңы жана колдонулган унааларга, тетиктерге жана техникалык тейлөөгө баалар өзгөрөбү, ошондой эле сатып алуучулардын электромобилдерге болгон кызыгуусу артабы? "Кабар" агенттигинин бул суроолоруна Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу тармактар башкармалыгынын башкы адиси Бектур Бекташов жооп берди.
КММ баасы эмне үчүн жогорулады?
Адистин айтымында, бүгүнкү күндө мунай продуктуларынын дүң-сатуу бааларынын өсүшү байкалууда. Бул сырткы факторлордон: негизги камсыздоочулардагы баалардын өзгөрүшүнөн, дүйнөлүк рыноктогу кырдаалдан жана Россияда мунай продуктуларынын айрым түрлөрүнүн таңсыктыгынан улам келип чыгууда.
Кырдаалды турукташтыруу үчүн мамлекет тарабынан бир катар чаралар көрүлгөн. Министрлер кабинетинин токтому менен импорттоочуларга субсидия берүү механизмдери жана бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу каралган. Бул токтомду аткаруу алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен чекене баалардын чектүү өлчөмүн белгилөө аркылуу бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Бирок ал белгилегендей, сатып алуу бааларынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу жөнгө салуу механизмин өзгөртүү зарылдыгы келип чыккан. Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу (2026-жылдын 17-июлундагы № 152) менен рыноктун субъекттери менен баа келишимдерин түзүү аркылуу мамлекеттик жөнгө салууга өтүү каралган.
Бектур Бекташов мунай продуктуларынын рыногунда баалардын калыптанышына анализ жүргүзүлгөндөн кийин, рыноктун катышуучулары менен мунай продуктуларына бааларды белгилөө боюнча келишимдер түзүлгөнүн баса белгиледи.
"Бул келишимдердин негизги максаты – ички рынокту туруктуу камсыздоо, калк үчүн күйүүчү-майлоочу майлардын жеткиликтүүлүгүн сактоо жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө болуп саналат", – деп түшүндүрдү ал.
Адистин айтымында, келишимдерде мунай продуктуларынын наркынын өзгөрүшү сатып алуу бааларынын, логистикалык чыгымдардын жана өздүк нарктын калыптанышына таасир этүүчү башка факторлордун өзгөрүшүнө байланыштуу объективдүү экономикалык негиздер болгондо гана ишке ашырылышы мүмкүн экендиги каралган.

Ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы рыноктогу кырдаалга мониторинг жүргүзүп, баалардын өзгөрүшүнүн негиздүүлүгүн талдап, түзүлгөн келишимдердин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын белгиледи. Бааларды андан ары оңдоп-түзөө үчүн экономикалык негиздер жок болгон учурда, мындай өзгөртүүлөр колдонулбайт.
Мамлекеттик субсидиялар кантип иштейт?
Күйүүчү-майлоочу майлар рыногун турукташтыруунун куралдарынын бири — мунай продуктуларын импорттоону жана сатууну ишке ашырган субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү болду. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, КММ импорттоочуларына субсидия берүү механизми каралган.
Бекташов түшүндүргөндөй, субсидиялоо механизми керектөөчүлөр үчүн мунай продуктуларынын акыркы наркына сатып алуу бааларынын өсүшүнүн таасирин азайтууга багытталган. Бул чаралардын аркасында тышкы баа факторлорунун таасирин жарым-жартылай жумшартууга жана ички КММ рыногунда туруктуурак кырдаалды сактап калууга мүмкүн болууда.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын айрым түрлөрүнүн наркы коңшулаш бир катар рынокторго, анын ичинде мунай продуктуларынын баасы жогорулап жаткан Россияга караганда төмөн бойдон калууда. Ал бул мамлекеттик чаралардын, анын ичинде импорттоочуларды субсидиялоонун жана рынокту жөнгө салуунун комплекстүү натыйжасы экенин баса белгиледи.
Күйүүчү майдын кымбатташы унаалардын баасына таасир этеби?
Адис күйүүчү майдын наркы чынында эле транспортту эксплуатациялоого байланыштуу чыгымдарга таасир этерин белгиледи. Бирок унаалардын баасы көптөгөн факторлордун таасири астында калыптанат.

"Унаалардын баасы өндүрүштүк чыгымдардан, логистикадан, валютанын өзгөрүүсүнөн, импорттук камсыздоодон жана рыноктук суроо-талаптан көз каранды. Ошондуктан, унаалардын баасынын түз көз карандылыгын бир гана КММ баасынын өзгөрүшү менен байланыштыруу туура эмес болот", – деп баса белгиледи ал.
Автотиктер жана техникалык тейлөө кымбаттайбы?
Муну менен катар, адис күйүүчү майдын наркы логистикалык чыгымдарга таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, бирок автотиктердин жана техникалык тейлөө кызматтарынын баасы импорттук камсыздоонун наркынан, валюта курсунан, материалдардын баасынан жана башка рыноктук факторлордон да көз каранды экенин түшүндүрдү.
Электромобилдерге болгон кызыгуу артабы?
Бекташовдун пикиринде, автоунааны пайдалануу чыгымдары – керектөөчүлөр транспорт каражатын тандоодо эске алуучу факторлордун бири болуп саналат.
"Азыркы шартта орун которуу ыкмаларын диверсификациялоо (түрдөнтүү), анын ичинде электр транспортун, коомдук транспортту жана башка альтернативдүү транспорт түрлөрүн колдонуу бүгүнкү күндүн экономикалык реалдуулугуна жооп берет. Бирок транспорт каражатын тандоо ар бир керектөөчүнүн өз эркинде калат", – деп кошумчалады ал.
Электромобилдерге болгон суроо-талаптын өсүшү тууралуу айтып жатып, адис бул рыноктун жүрүм-турумунан жана жарандардын өз каалоосунан көз каранды болорун баса белгиледи. Анын айтымында, кыйла үнөмдүү транспорт түрлөрү жогорку кызыгууну жаратышы мүмкүн, бирок керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын өзгөрүшүн болжолдоого Кызматы ыйгарым укуктуу эмес.

Ошентип, эксперт түшүндүргөндөй, КММ баасынын өсүшү өзүнөн-өзү унаалардын, автотиктердин жана техникалык тейлөөнүн баасын аныктоочу негизги фактор болуп саналбайт. Алардын наркы кыйла кеңири рыноктук шарттардан – валюта курстарынан, логистикадан, импорттук камсыздоодон жана рыноктук суроо-талаптан көз каранды. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар – импорттоочуларды субсидиялоо жана баа келишимдерин түзүү – өлкө ичинде күйүүчү майга баанын негизсиз өсүшүн ооздуктоого мүмкүндүк берет. Ал эми сатып алуучулардын электромобилдерге өтүү ыктымалдыгына келсек, бул жалгыз гана күйүүчү майдын учурдагы наркынан эмес, экономикалык факторлордун жыйындысынан жана жарандардын жеке тандоосунан көз каранды болот.