Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында үрөндөрдүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүүнү жана кооперацияны колдойт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясы Алтайда өткөн "ЕАЭБ кооперациясы – өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн кошумча куралы" аттуу панелдик сессияга катышты.
Сессиянын жүрүшүндө кыргыз тарап айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы, агрардык секторду мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берди.
Белгиленгендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Учурда өлкөдө 56 миң гектардан ашык айыл чарба жерин иштеткен 886 кооператив иш алып барууда.
"Евразия экономикалык биримдинин алкагындагы интеграция өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Биримдикке мүчө болгон жылдар аралыгында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсү дээрлик эки эсеге — 2,5 млрд АКШ долларынан 5 млрд АКШ долларына чейин өстү. Өндүрүштүк байланыштар чыңдалып, инвестициялык кызматташтык кеңейип, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө", — деп белгиледи Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов.
Жолугушууда ЕАЭБдин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүү, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, агроөнөр жай комплексин санариптештирүү, ошондой эле селекция, үрөнчүлүк жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.