Айтматов – Шекер аркылуу көз ачып дүйнөнү тааныды...
Киндик кан тамган жеринен кубат алган болочоктогу жазуучуну бактысыз балалык менен кошо согуштун кесепеттери, жоготуулар, жокчулук, адам ыйы чыйралтты. Ушул оор көрүнүштөргө көңүлү ооруган Айтматов адамдын бактысы менен азабын таанып, анан калса өзүнүн насилинде жаткан зиректиги менен эр жетти.
Адамзат жашоосунун өтмүшү жана тегерегиндеги өзү таанып билген адамдардын оор абалын көрүп, деги эле мындан ары карай коомдо дагы кандай окуялар орун алат болду экен деп ошол китеп дүйнөсүнө үңүлгөн Айтматов бала күнүнөн тарта өз алдынча эчен ирет ичинен толгонгон чыгар!? Болбосо, бир оюндан башканы билбеген, же болбосо согуштун каардуу жылдарында эл менен кошо түйшүктү тартышкан курбалдаштары сындуу канчалык кабыргасы кайышкан күндө деле мынчалык ой баккан, аалам тууралуу алп ойлорду өзүнүн тулку-боюна сыйдырып калеминин кудурети менен дүйнө элин таңыркаткан жазуучу чыкмагы кайдан эле!? Демек, Айтматов табиятынан бүткөн таланты менен өзүндө катылуу жаткан ойдун салмагын андан ары өөрчүтүп, күндүр-түндүр дүйнө, аалам, коом, жаратылыш, адамзат, өмүр-өлүм, сүйүү жана жек көрүү, согуш жана тынчтык деген сөздөрдүн тегерегинде ой калчап, түбөлүктүүлүктүн өзөгүн эмнелер кармап турат деп далай машакатка түшкөн сабыры сары алтындай кеменгер инсан...

* * *
Дал ошонусу үчүн дүйнө эли аны ардактап, алп ойлорун угууга куштар эле. Ар бир чыгармасы аркылуу ал жөнөкөйлүктүн өзүндө кандай гана кооздук жатарын ааламга жар салып, ачык-айкын далилдей алды. Муну айткан себебим, Айтматовдун чыгармалары кылымдар бою өз ысымдарын өчпөс кылып калтырышкан айрым бир улуу жазуучулардын чыгармаларындай алгач окуганда татаалдыкты жараткан, бир эмес эки ирет кайталап окуп чыккан соң гана түшүнүүгө ылайык келген эмгектерден эмес. Айтматовдун чыгармаларынын тили ушунчалык жөнөкөй, алтургай ошол өзү сүрөттөгөн көрүнүштөрдүн өзү кайсыл кесиптин гана ээсин болбосун өзүнө оп тартып кеткен ажайып бир керемет дүйнөлөрдөн. Ырасында эле ааламдагы адамзат үчүн кылымдар бою таберик калган бардык мурастар эң бир жупуну, эң бир жөнөкөй нерселерден турат жана алар канчалык кол менен кармап көргөн сайын ошончолук сыйкыры менен өзүнө утуру тартып, улам ойго салган ыйык дүйнөлөр.
Жөнөкөйлүктүн өзөгүндө – түйүнү чечилбеген сыр, канчалык кармасаң ошончолук кумарың арткан Улуулук жатат!
* * *
Чыңгыз Айтматовдун Данияры, Дүйшөнү, Толгонайы, Танабайы, Эдигейи, тазалыктын символу болгон “Ак кемедеги” Баласы, айтор, кайсыл гана чыгармасын алып карабайлы, бардык каармандары карапайым эле тирилик кечирип, тирүүлүк көйгөйү менен алпурушкан каармандар. Бардыгы тең элет ичинде эл менен кошо жашоо үчүн күрөш жүргүзүп, эмгектин чордонунда кайнаган карапайым адамдар. Бирок, ошол карапайым адамдардын ички дүйнөсүндө кандай гана кооздук, кандай гана тереңдик катылган!?
Өзөн боюнда түн бир оокумга дейре жалгыз отуруп ойго тунган, алган жарааттарынын кесепетинен алиге толук айыга албай азап чегип, табияттын тамырын тартып көрүп аны менен кошо жуурулушкан, көкүрөгүндө обон менен кошо улуу ойду түнөтүп ыйык сүйүүнүн күчүн айгинелеген Данияр, же болбосо социалисттик идеалдардын айланасында ой жоруп, өзү анчейин билимге ээ болбосо да тегерек-чети илим-билимге сугарылган адамдардан болсо экен деп изги тилектери үчүн күрөшкө чыккан мугалим Дүйшөн, согуш отунан бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнөн ажырап, анан ааламда болгон бардык азаптардын булагы согуш деп боздоп дүйнө тууралуу ой чарпыган элеттик эң жөнөкөй эне Толгонайдын кайраты менен инсандык өзгөчөлүгү, кандай гана сыноолорго кабылбасын анын адамдык абийирин жоготпой жүрөгүнө ааламды кошо батырып, Жер-Эне менен сырдаша билген кенендиги, тереңдиги... Же бир кезде социалисттик түзүлүштү орнотууга аянбай күч жумшап, айыл ичинде активдүү күрөш жүргүзүп жатып өз агасын кулакка тартууга да себепкер болуп калган, бөрк ал десе баш алган заманга өзү да кошо аралашып калганы үчүн кийин ичтен эзилип өкүнгөн, анан качан кийин сөз жүзүндө башка, кылган иши башка Кашкатаев өңдүү партократтардын айынан коомдон четтеп, өзү да кудум Гүлсарысы сындуу керектен чыкканда ыргытылган Танабайы болобу, же дүйнө жүзү кайсыл өңүткө өтөт, минтип олтурса дүйнө кандай болот, адам уулунун адам эмей эле бир макулук маңкуртка айланабы деп аалам тууралуу таңыркап болуп уламыштан уланган темир жол бекетиндеги бир жөнөкөй бекетчи Эдигейдин учугу узарган улуу ойлоруна кулдук уруп, ушундай өлбөс образдардын галереясын бизге сунган Айтматовдун калеминин күчүнө таазим эткенибиз эткен...
Айтматов – мына ошол чыгармаларынын дээрлик бардыгында баяндап жазган окуялары аркылуу адам уулунун канткенде адам болорлугу тууралуу суроолорду бизге сунду. Айтматов – эми канча мезгилдер өтсө да көз алдыбызга ашыктык отун көкүрөгүнө түнөткөн Данияр да, коомдун ушундай абалга келгенине кабыргасы кайышкан Танабай да, тазалыктын символу бала да болуп – биз менен чогуу жашай бермекчи.
Ээн талаа – эрме чөлдө батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттаган поезддерге көзөмөл жүргүзүп, анан өткөргөн өмүрү тууралуу толгонуп атып бүткүл адамзат жашоосунун маңызы жана трагедиясын, маңкурт баянынан философиялык өңүттөгү түгөнбөгөн суроолор менен кылымдардын катмарына баш баккан Эдигей – аныгында барып келип эле алп ойдун ээси Айтматовдун өзү экенинде шек жок.
Жылдар бою түйшөлүп жүрүп кыялы менен кошо жашап, кошо туруп атып анан фантазиясынан оргуштап атылган улуу ой – албетте, жазуучунун өзү эмей эмне!?
* * *
Чыгармалары аркылуу бүтүндөй адамзат тагдырын, табият менен адамдын байланышын, руханий дүйнөнүн терең катмарларын ачып берген улуу сүрөткер – Чыңгыз Айтматов.
Ал жөн гана жазуучу эмес, ал доордун добушун тыңшап тыянак чыгарган ойчул, адамзаттын абийирин ойготкон философ, улут менен дүйнөнү бириктирген улуу көпүрө.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн жүздөн ашуун тилдерине которулуп, миллиондогон окурмандардын жүрөгүнө жол тапты. Анын ар бир чыгармасында адам тагдыры, сүйүү, эне, абийир, жер, экологиялык кырдаал, нарк-насил жана келечек тууралуу терең ой камтылган.
Айтматовдун инсандык өзгөчөлүгү – анын жөнөкөйлүгүндө, адамгерчилигинде жана ааламдык масштабдан туруп ой жүгүрткөндүгүндө. Айтматов кандай гана жогорку даражага, сый-урматка ээ болбосун биринчи кезекте, өз элинин тагдыры жөнүндө ой толгоду. Кыргыздын тоосун, талаасын, Ысык-Көлүн, боз үйүн дүйнөлүк адабияттын бийик сахнасына алып чыкты. Анын каармандары аркылуу дүйнө жүзү кыргыз элинин руханий дүйнөсүн тааныды.
* * *
Улуу жазуучуну биринчи кезекте адамзаттын келечеги катуу түйшөлткөн. Ал техникалык өнүгүү адамдык абийирден ашып кетсе, дүйнө руханий кризиске кептелерин эскертип коңгуроо каккан. “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” сыяктуу чыгармаларында экологиялык кырсыктар, руханий жактан талкаланып жок болуу, адамдын табияттан алыстап кетиши акыры келип чоң трагедияга алып келерин философиялык өңүттөн туруп сүрөттөгөн.
Айтматов үчүн табият жөн гана айлана-чөйрө эмес, ал, адамдын жан дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Жаратылышты кыйратуу – адамдын өзүн кыйратуу экенин эчен жолу айтып, эчен жолу жазды. Учурда дүйнө климаттык өзгөрүүлөргө, согуштарга, экологиялык кырсыктарга туш болуп жатканда, Айтматовдун ааламдык ойлору мурдагыдан да актуалдуу экенин моюндап, ал калтырган таберик мурастарынан азыктанып эле тим болбой рухий тазаланууга муктажбыз.

* * *
Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги зор эмгектеринин бири жана бизге калтырган руханий мурастарынын бири – Ысык-Көл форуму!
Аталган форум 1986-жылы өтүп, жазуучунун аброю аркасында ааламга аты угулган алптардын бардыгын алакандай өлкөбүзгө чогулуп, бирдей пикирге токтоп, маанилүү диалогдун аркасы менен анда да кадырыбыз арткан. Жаңылбасам, жашым ошондо он бирге карап, форумдун максат-мүдөөсүн анда балалыкка салып толук түшүнбөсөм да ата-энем менен телевизордон толук көрүп олтуруп, Айтматов менен бардыгыбыз көкүрөк толо сыймык артканыбыз алиге чейин эсимде сакталуу калыптыр.
* * *
Эми мына, арадан туптуура кырк жыл өткөн соң Айтматов түптөп кеткен “Ысык-Көл” форуму касиеттүү көл кылаасында өтүп, дүйнөгө таанымал кадыр-барктуу инсандар бир арага келип олтурат. Жер шарындагы адамдардын аалам тууралуу айгай салып көтөргөн маселелери, келечек тууралуу түйшөлүүлөрү, коомдогу урунттуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө, ириде экологиялык көйгөйлөрдү жоюу форумдун негизги максаты.
Андыктан, Чыңгыз Айтматов советтик түзүлүштө жашап атып эбак эле тээ өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын этеги, жетимишинчи жылдарынын орто ченинде алгачкылардан болуп коомго коңгуроо кагып, экологиялык апааттардын алдын алуу тууралуу айткан ойлору мына дал бүгүн, болгондо да ушунчалык ыкчамдык менен өнүгүп бараткан заманда адамдык насил, абийир жана тамырыбыздан ажырап табиятыбызды талкалап албайлы деп санаа чегип, технология, санарип, Жасалма Интеллект деп атып ага жем болуп калуу коркунучунан сактаналы, жараталыш ресурстарын ичип-түгөтүп талкалап албайлы деп кенен олтуруп кеңири сукбатташууга кезек келип олтурат.
Биз, ар күн сайын адамдык баалуулук деп айгай салууга милдеттүүбүз!
Биз, жалпы адамзатты алпештеп багып асыраган Жер-Эненин оор онтошуна бөгөт коюшубуз шарт!
Биз, буга чейин да, тагыраагы, эче миңдеген жылдар бою өз кезегинде тегерегинделерден өзгөчөлөнүп улуу ойду айткан орошон ойчулдардын, акын-жазуучулардын, ийне менен кудук казган илимпоздордун изги тилегин окуп түшүнсөк да, жер планетасын өзүм башкарам деп демиккен ири державалардын демине тумчугуп келебиз.
Улам бир бурчтан булак этип согуш отун чачып тунук эске ээ боло албай же биринин жерине бири көз артып жаратылыш ресурстарына ээ болууга кызыкдар болгон кара ниет күчтөргө болушунча бөгөт коюуга, адамдык баалулуукка, боорукерликке жар салууга милдеткербиз!
Антпесе, адамдыгыбыз кайсыл?

* * *
Дүйнө элдеринен келип “Ысык-Көл” форумунун алкагында чогулган окумуштуулар, саясатчылар, маданият өкүлдөрү, жазуучулар адамзаттын келечеги үчүн талбай күрөшүүнү максат кылуу парз!
Айтматов ушул форумду түптөөнүн алдында жалгыз олтуруп аалам жана адамзат тууралуу миң толгонуп атып, руханий диалог аркылуу тынчтыкка жана адамзат баалуулуктарын сактоого, жаратылышты коргоого бел байлаган. Ал, дүйнөнү жалаң эле жоон билек менен эмес, акыл жана маданият аркылуу өзгөртүүнү максат кылган.
Айтматов салган алтын көпүрө – бизге адамдык насил жана бийик абийир деп жар салып, ойгоо болгула чакырык салат.
Чыңгыз Айтматовдун “Ысык-Көл форумунун” түпкүлүгү – боорукерлик, тунук эс менен жер шарын кийинки муунга эсен жеткирүү эле. Форум – мына ушунусу менен улук!