Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде Дүйнөлүк банктар тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, делегацияны музейдин башкы директору Медербек Апарханов тосуп алып, тараптар музей-комплекстин учурдагы абалы, реконструкциялоо иштеринин келечектүү багыттары жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл тарыхый-маданий мурастарды сактоо, музейдик объектилерди заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулду.
Ошондой эле тараптар "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин тарыхый баалуулугун сактоо менен бирге анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, маданий мурастарды келечек муундарга жеткирүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну мындан ары да улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында иш алып баруу боюнча макулдашуулар айтылды.