"Элдик Банктын" төрагалыгы: Чолпон-атада ШКУ банктарынын жыйыны өттү

Бизнес Загрузка... 03 Июль 2026 09:57
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Элдик Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Кечээ, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) кеңешинин XXII отуруму болуп өттү, ал ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин төрагасы катары "Элдик Банк " ААК тарабынан уюштурулду.

Кыргызстанга ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин мүчө банктарынын Индиянын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларустун жана Тажикстандын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.

Катышуучулар банктар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикасын чыңдоого багытталган долбоорлорду биргелешип каржылоого, ошондой эле жашыл экономиканы туруктуу каржылоо жана уюмдун алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

ШКУ БАБтын орто мөөнөттүү келечекке 2027-2031-жылдарга карата андан ары өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуу жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири болду. Документте бирикменин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленип, ШКУга мүчө мамлекеттердин алкагында көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө, туруктуу экономикалык өсүштү колдоо жана инновациялык финансылык чечимдерди ишке ашырууга багытталган.

Катышуучулар ошондой эле ESG, туруктуу жана социалдык-инклюзивдик каржылоо чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасын бекитишти. Документ мүчө банктардын туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө кызматташуусун кеңейтүүнү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну жана заманбап каржы инструменттерин өнүктүрүүнү камтыйт.

Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн каржы институттары ортосунда кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Катышуучулар банк секторунун адистеринин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзгөн биргелешкен семинарлардын, конференциялардын жана билим берүү программаларынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып катышуучулар каржылык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.

Маалымат үчүн: Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмеси 2005-жылдын 26-октябрында түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого көмөктөшүүгө, банктар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Азыркы учурда ШКУ БАБнын курамына уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ири ыйгарым укуктуу каржы институттары кирет, атап айтканда: Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы, РФ ВЭБ Мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы (Россия Федерациясы), Тажикстандын "Амонатбонк" мамлекеттик аманат банкы, Өзбекстандын Тышкы экономикалык иш-аракет боюнча улуттук банкы, Казакстандын өнүктүрүү банкы, Habib Bank Limited (Пакистан), India Infrastructure Finance Company Limited (Индия) жана "АСБ Беларусбанк" ААК (Беларусь) жана "Элдик Банк" ААК (Кыргызстан).

2025-жылдын 26-октябрынан тартып 2026-жылдын 25-октябрына чейинки мезгил аралыгында ШКУ БАБ ишине төрагалык милдетти "Элдик Банк" аткарат. Төрагалык милдеттин алкагында "Элдик Банк" аталган бирикменин иш-аракетин координациялоо менен, эл аралык делегацияларды кабыл алып, кызматташууну кеңейтүү, туруктуу каржылоо жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүү иштерин ийгиликтүү алып барууда.