Жыл башынан бери 240 сел катталды: ӨКМ кооптуу тилкелерди кантип бекемдеп жатат?

Маек Загрузка... 26 Июнь 2026 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 240тан ашык сел кырсыгы катталды. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы 133 сел жүрсө, быйылкы жарым жылда эле көрсөткүч 2 эсе көбөйдү.

Мазарипов жарандарды сел агымдарынан коргоо, калктын коопсуздук маданиятын өзгөртүү жана кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

— ӨКМ кеңири масштабдагы "Борбор Азиянын ландшафттарын калыбына келтирүү" программасын (RESILAND CA+) ишке ашырууда. Бул арада айрым аймактарда сел жүрүп жатат. Ири долбоор селди чындап азайтууга жардам бере алабы?

Бул долбоорго Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү катышып, аймактар аралык болуп саналат. Учурда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишке ашырылууда. Сиз белгилеп кеткендей, акыркы кездерде сел агымдары көбөйдү. Жыл башынан бери эле 240 окуя катталды. Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында, башка аймактарда да сел жүрүп, инфраструктураны, региондордун экономикасын өтө чоң чыгымдарга алып келүүдө. Албетте, сел агымдарын 100% токтото албайбыз, бирок көрүлүп жаткан чаралар менен биз калктын коопсуздугуна терс таасирлердин деңгээлин кыйла азайта алабыз.

— Сел агымдарын кыскартуу үчүн ӨКМ конкреттүү кандай иштерди жасап жатат? Мисалдар менен айта кетсеңиз.

Сел агымдары климаттын кескин өзгөрүүсүнөн пайда болот. Биз бул өзгөрүүлөргө алдын-ала даярдануубуз керек. Буга байланыштуу ӨКМ тийиштүү кызматтар менен биргеликте иш алып барууда. Алсак, жээктерди коргоочу, сел агымдарынан сактоочу курулуштар боюнча иштер жүрүп жатат. Жогоруда сөз болгон "Борбор Азиянын ландшафттарын калыбына келтирүү" программасынын (RESILAND CA+) алкагында өтө кооптуу делген 22 тилкени тандап алганбыз.

WhatsApp Image 2026-06-26 at 16.28.05.jpeg

— Жээктерди бекемдөөдөн башка кандай иштер аткарылууда?

Климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан окуяларга калкты даярдоо жүрүп жатат. Анын ичинде окутуу, өз маалында маалымдоо чаралары бар. Негизгиси, азыр калкка кандайдыр бир коркунучтар боюнча алдын ала эскертүү берүү үчүн бирдиктүү система түзүү маселеси каралып жатат.

— Жашоочуларды суу каптоолордон кантип коргосо болот? Алар кантип даярданышы керек?

Табигый кырсыктарга даярдык, коопсуздук маселеси биринчи кезекте жарандардын өзүнүн жоопкерчилиги. Башкача айтканда, биз калктын өзгөчө кырдаалдарга карата коопсуздук маданиятын өзгөртүшүбүз керек.

Жаран мамлекеттик органдардан же башка мекемелерден бир нерсе талап кылардан мурда өзүн коопсуз камсыздап коюшу керек. Коопсуздук ар бир адамдын милдети. Мисалы, сел нугундагы кооптуу зонага турак жай курбоо керек. Ал эми эс алууда жүргөндө аба ырайын алдын ала билип алганы оң. Башкача айтканда, эң жөнөкөй коргонуу чараларын жарандар алгач өздөрү көрүшү керек.

— Калктын, турак жайлардын канча пайызы камсыздалган? Сел каптоо боюнча атайын камсыздандыруу барбы?

Кыргызстанда мурда өзгөчө кырдаал болуп кеткенде мамлекеттик колдоо системасы бар эле. 2016-жылдан баштап турак жайларды өрт жана табигый кырсыктардан камсыздандырууга багытталган мыйзам киргизилген. Башында бул процессти ишке ашыруу оор болуп, турак жайларды камсыздандыруу 6-7%дын тегереги эле. Акыркы жылдары, анын ичинде 2024-жылы болгон өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жарандар да турак жайды камсыздандыруу ниетин билдиришүүдө. Башкача айтканда, азыр калк турак жайды камсыздандыруу керектигин, кырсык болуп кетсе камсыздандыруу компаниясы каралашып, жардам бере турганын көрүп жатат.

— Калк камсыздандыруу маалымдамасына канчалык кулак салууда? Кооптуу аймактардан чыгып кетпеген же үй салып алган жарандар барбы?

Бул багытта мамлекеттик жана жергиликтүү органдар калк арасында маалымдоо жана турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгы боюнча иштерди жүргүзүп келишет. Эмнеге? Анткени камсыздандыруу — кырсык болгондо берилүүчү сезилерлик жардам. Кесепеттерге кабылганда материалдык көмөк алат деген кепилдик болуп саналат.

— Селдин суусу каякка кетип жатат?

Кыргызстан тоолуу өлкө экени маалым, аймактын дээрлик 94 пайызы тоолор. Топтолгон сел суулары нуктар жана сайлар аркылуу дарыяларга кошулуп, ылдыйда жайгашкан мамлекеттерге кетет. Атап айтканда, сел суулары дарыялар аркылуу коопсуз аймактарга жана коңшу өлкөлөргө агат.

— Жай айларына карата божомолдор кандай?

Биз дайыма эскертүү беребиз. Гидрометеоборбор бир жума, 10 күнгө прогноздорду берип жатат. Аба ырайы жана бороон-чапкындар тууралуу эскертүүлөр учурда 95-96 пайызга так экенин айта кетейин.